Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

"Эл аралык системага интеграция". Кыргызстан 12 жылдык окутууга өтүүдө


Бишкектеги мектептердин биринде тартылган сүрөт. 2022-жыл.
Бишкектеги мектептердин биринде тартылган сүрөт. 2022-жыл.

Кыргызстанда мектептеги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандарты кабыл алынды. Жаңы саясатка ылайык, мектепте 12 жылдык окутуу системасы болот.

12 жылдык окуу тартиби быйыл сентябрда башталат. 2025-2026-окуу жылында 6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классына кабыл алынат. Бала бакчага барган жана мектептеги “Наристе” программасын өткөн 7 жаштагы балдар 12 жылдык мектептин дароо 2-классына алынат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомун төрага Адылбек Касымалиев 14-мартта бекитти.

Токтом Кыргызстанда эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланган жана таанылган жалпы билим берүү системасын куруу максатында кабыл алынганы белгиленди. Ошондой эле коомдун глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берүүчү, улуттун социалдык-маданий мурасын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуучу сапаттуу билимге болгон муктаждыгын канааттандыруу да негизги максат экени айтылды.

Азыркы колдонуудагы мамлекеттик стандарт 2022-жылы кабыл алынган. Билим берүү жана илим министрлиги жаңы стандарт балдардын заман талабына жооп берүүчү сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзөрүн айтууда. Министрлик бул үчүн 12 жылдык окутуунун “Алтын казык” деп аталган программасын иштеп чыккан, анда жаңы окутуу-методикалык комплекстер камтылган.

Министрлик ар бир комплекс англис тили, математика, табият таануу, химия, биология, физика жана астрономия сабактары боюнча окуучулар үчүн окуу китебинен жана дептерден, ал эми мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон жана аудиовизуалдык материалдардан турарын маалымдаган.

10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. Андан сырткары STEM предметтерге (илим, технология, инженерия жана математика), англис тилин жана компьютерде иштөөнү окутууга көңүл бурулат.

Министрлик 12 жылдык окутуу ыкмасы боюнча иш ырааттуу жүрүп жатканын айтканы менен Кыргызстан ага канчалык даяр деген кооптонуу билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн да, ата-энелердин да арасында аз эмес.

Жеке менчик мектеп түптөгөн Жакшылык Матанов базистик план менен таанышуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганын, бирок жооп ала электигин айтууда:

Жакшылык Матанов
Жакшылык Матанов

“Чынын айтканда, биз ички программаларын көрө элекпиз. Эч кандай базистик план бериле элек, кайсы сабактар өтөрү боюнча. Муну билим берүү министрлиги бериши керек. Мен ички программасын көрөлү деп эки жолу кайрылдым, азырынча ал нерсени бере элек. Биринчи класстан баштап STEM сабактары кошулат дейт, албетте бул жакшы. Бирок даярдыгы жок ишке аша турган болсо 1-2 жылда билим берүү тармагында чоң хаоско алып барат”.

Жаңы системага өтүү үчүн даярдык канчалык жетиштүү болгону тууралуу сүроону мурдагы билим берүү министри, педагогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурова да көтөрүүдө. Ал алгач пилоттук түрдө сынап көрүш керек эле дейт:

Ишенгүл Болжурова
Ишенгүл Болжурова

“Мисалы, Казакстан жети жылдан бери акырындап, бүт материалдык базасын, китебин, стандарттарды, мугалимдерди, окуу китептерин даярдап чыкты. Ар бир нерсени ойлонуп, “жол картасын” түзүп, пилоттук түрдө бир же эки районду алып, 3-4 жыл ичинде жаңы окуу куралдарын, методиканы, жаңы инновациялык сабак берүүнү караштырып көрүү зарыл эле. Теория жагынан дагы, методология жагынан дагы. Мамлекеттик стандарт эмне болду? Китептердин ички мазмунунда, методикада кандай өзгөчөлүктөр бар? Эч ким билбейт.”

Билим берүү боюнча адис Асылбек Жоодонбеков элде суроо, кооптонуу көп болуп, министрлик өзү жана мектеп инфраструктурасы канчалык даяр деген суроо коюлуп жатканын айтты. Ошону менен катар, анын белгилешинче, окуучуга кандай жардам зарыл болсо, мугалимге да ошондой эле колдоо керек экенин эске алуу зарыл:

Асылбек Жоодонбеков
Асылбек Жоодонбеков

“Канча баланын саны ашык келет, ага жараша канча мектеп курулат деген маселе бар. 12 жылдык билим берүү сандык эмес, сапаттык өзгөрүүгө алып барышы керек. Айрым учурда ата-энелер өзгөчө жогорку класстарда мектептеги билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүнөн улам балдардын билим алууга кызыгуусу артпай калат деп айтып жатышат. Өзгөчө жогорку класстарда, профилдик окутууда ата-эне, окуучу анан мугалим дагы ыраазы болгондой болуш керек. Өкмөт мугалимдердин айлыгын көтөрдүк дегени менен мектепке жаңы орношкон педагог 20 миң сомдун тегерегинде эле айлык алат. Албетте, бүгүнкү кымбатчылык заманда мындай айлык менен алар жан дили менен иштей албайт. Реформаны ишке ашырууда мугалимдин орду чоң, мындан улам мугалимди бир гана моралдык жактан эмес, материалдык жактан дагы шыктандыруу керек”.

Кыргызстан 12 жылдык окутууга этап-этабы менен өтөрү тууралуу өкмөттүн буйругу 2024-жылдын 15-мартында чыккан. Ошол эле жылдын 26-мартында билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева пресс-конференция өткөрүп, жаңы системага өтүүнүн негизги себептери тууралуу айтып берген.

Биринчи себеп деп ал Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө 197 өлкөнүн 150сү балдарын ушундай система менен окутуп жатканын атаган. Экинчи себеп, министрдин айтымында, 12 жылдык окутууга өтүү үчүн даярдык буга чейин жүргүзүлүп келген жана мамлекетте каржылоо мүмкүнчүлүгү бар – мектептер курулууда, бул жаатта дүйнөдө лидерликке чыккан Сингапурдан кембриждик системанын окуу китептерин сатып алууга шарт түзүлдү.

Кендирбаева окуу процесси окуу китептеринен баштап мугалимдердин ишинин натыйжалуулугун баалоого чейин толук трансформация болорун белгилеп, нөлүнчү класс деген болбой турганын, биринчи класс мектепке даярдоо программасына ылайык окутуларын айткан.

Министр Кыргызстан 12 жылдыкка өтүү алдында даярдык иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзүп келатканын “Азаттыкка” курган маегинде де айтып берген:

Догдургүл Кендирбаева
Догдургүл Кендирбаева

“Айрымдар “колунан келбейт, кайда отургузат, мектеп жок” деген пессимисттик пикирде болууда. 12 жылдыкка өтсө да, өтпөсө да, мисалы, Бишкекте, мектептин абалы оор. Борбор калаада урбанизация, ички миграция процессинен улам 50 миңдей бала класста ашыгы менен отургузулуп окуп жатат. Айыл жергесинде 20-25 бала окуса, Бишкекте 50-55ке чейин жетип жатат. Биз ошонун баарын жөнгө салышыбыз керек. Стратегия бар. Биз президентке “Алтын казык” трансформация программасын сунуштаганда биринчи баскыч катары кенже курактагы балдарды өнүктүрүү болорун айттык. Билим берүүдөгү ийгиликтерин сунуштаган Лондондогу жарманкеге бардык, Сингапурга бардык. Сингапур окуучулардын жетишкендигин баалаган PISA сынагында чемпион болуп келе жатат. Ошондой эле Малайзиянын билим берүү жаатындагы тажрыйбасын, дымагын, касиетин талдадык. Бул жерде окуучуну жаттама көндүмдөрдөн кетип, өз алдынча ой жүгүртүүсүнө, чечим кабыл алуусуна багытташат экен. Ошондуктан Сингапурдун Cavendish системасына негизделген окуу китептерин алалы деп чечтик. Алар бул жерге келип, презентация кылышты. Алардын 47 аталыштагы табигый-математикалык багыттагы окуу китептерин алабыз. Башталгыч класстан жогорку класска чейин англис тилиндеги китептерди алабыз”.Кендирбаеванын айтымында, мектептеги окутуу үч деңгээлде болот – башталгыч, негизги жана орто билим берүү системасы. Болжол менен 2028-жылдагы окуу жылында балдар 12 жылдык аттестат менен чыгат. Ага чейин толугу менен жаңы стандартка ылайыкташкан базистик окуу планы, окуу китептери болот жана мугалимдер педагогикалык жаңы компетенцияларга окутулат.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мектепте 12 жылдык билим берүүгө макул экендигин 2024-жылдын 13-мартында билдирген. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жыйында президент министр Кендирбаева менен жаңы окуу системасын учкай талкуулаган.

“Азыр бизде нөлүнчү класстан 11-класска чейин болуп жатат. Эгерде сиз 12 жылдыкты киргизе турган болсоңуз, нөлүнчү жоюлуп, биринчи класс деп эсептелет. Эч айырмасы жок экен. Анда буга макулбуз. Нөлүнчүдөн баштап 12 жылдык болсо, ата-энелер каршы чыкканын билебиз”, - деген Жапаров.

Буга чейин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

12 жылдык билим берүү тууралуу дискуссияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да аралашкан. Ал мындай системага каршы экенин айтып чыгып, кайра оюн өзгөрткөнүн билдирген.

Эми 1-6-класстар башталгыч жалпы, 7-9-класстар негизги жалпы, ал эми 10-12-класстар орто жалпы деп бөлүнөт. Окуу жумасына беш күн бойдон калат. Сабактардын жалпы убактысы жумасына 1-класс үчүн 21 сааттан, ал эми 10, 11 жана 12-класстар үчүн 34 сааттан ашпоосу керек. Ортодогу класстар үчүн аптасына 23-33 саат деген норма каралган. Ар бир сабак 45 мүнөттөн, 1-класс үчүн 35 мүнөттөн болот.

1-3-класстын окуучуларынын билим деңгээли баа коюлбастан, мүнөздөмө катары гана аныкталат. Мектепти бүтүп жаткандагы профилдик предмет боюнча сынактын баасы коллежге же жогорку окуу жайына өтүүдө эске алынат.

Кендирбаева: Китеп кризиси үч жылда чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:35 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG