Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

"Футболдо ички чемпионат күчтөнбөсө, курама команда өспөйт"


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешинде, Бишкек. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешинде, Бишкек. Сентябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти. Улуттук курама командага кандай машыктыруучу керек? Ким келет, сырттанбы же өлкө ичинен тандалабы?, - деген суроолор футбол ышкыбоздору арасында кызуу талкууланууда.

Алдыда Кыргызстанды Азия чемпионаты күтүп турат. Кыргыз футболундагы абал кандай? Жаңы машыктыруучу эмнеге көңүл бурушу зарыл? Бул суроону "Алга" футбол клубунун директору Мирлан Айталы менен талкууладык.

Мирлан Айталы.
Мирлан Айталы.

- Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу отставкага кеткенден кийин футбол темасы кызуу талкуулана баштады. Крестининдин учурунда кыргыз футболу ийгиликтерди жарата алды. Бирок соңку учурда улуттук команда күтүлгөндөй жыйынтык бербегени футбол күйөрмандарынын сынына кабылды. Сиздин пикирде, азыр кандай машыктыруучу керек? Курама командага кандай өзгөртүүлөр зарыл?

-Негизи өзгөрүүлөр керек болчу. Менимче, Кыргызстандын футбол федерациясынын бул кадамы туура чечим. Экинчи жагынан, курама командада муундар алмашууда. Жаңы муундагы футболчуларды айталы, Байматов, Мурзаев, Кичин сыяктуу оюнчулардын деңгээлине жеткирүүгө убакыт талап кылынат. Ошондуктан акыркы болуп өткөн Индия, Мьянма менен беттештерде Крестинин жаңы муундагы оюнчуларды карап чыкты деп ойлойм. Бул жерде негизи биз бир аз чыдамдуу болсок болмок. Ошентсе дагы 9-10 жыл курама команданын машыктыруу - өтө көп убакыт. Албетте, өзгөрүү зарыл болчу.

-Ошондо азыр тар чөйрөдө ким келет деп, талапкерлердин ысымы аталып жатабы?

- Талапкерлерди сиздердей эле соцтармактардан окуп калып жатам. Расмий түрдө эч кандай маалымат чыга элек. Футбол чөйрөсүндө ар кандай талкуулар жүрүп, ысымдар аталууда. Бирок эми аны ачык айта албайм. Күйөрмандар болсо Европадан, башка өлкөлөрдөн адистерди чакырсак деп жазууда. Бул жерде мындай адисти чакыруу керек деп так айта албайбыз. Кылдат тандоо керек, федерация жетекчилиги жакшы тандоо кылат деген үмүттөбүз. Соцтармакта Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубунда ойногон ардагер футболчунун ысымын да атап жатышат. Жакшы оюнчу ар дайым эле жакшы машыктыруучу боло албайт. Ал жагы да бар.

- Сиз кыргыз футболунда муун алмашып жатканын айтыңыз. Акыркы жылдары Эрбол Атабаев, Бекназ Алмазбеков сыяктуу чет өлкөдөгү футбол мектебин окуган, анан Гүлжигит Алыкулов, Алимардан Шүкүров сыяктуу чет жерлик чемпионаттарда ойногон футболчулардын мууну чыкты. Мен дароо эске келген ысымдарды гана атадым да. Сурайын дегеним, командалык ийгилик эмнеден жаралат? Тактика, стратегиясы, ар бир оюнчунун потенциалын ача турган, жашыл талаадагы ордун таба турган - башкы машыктыруучунун жөндөмү, талантына байланыштуу эмеспи.

- Бул жерде комплекстүү караш керек. Жакшы курама команда негизи ички чемпионаттан түзүлөт да. Сиз айткандай, ооба бизден сыртта күчтүү чемпионаттарда ойноп жаткандар бар. Бирок өзүбүздүн ички чемпионатыбыз канчалык күчтүү болсо, оюнчулардын башка өлкөлөргө чыгышына, бирин-серин эмес, массалык түрдө башка чемпионаттарга барып ойношуна шарт жаратмак. Курама командадагы оюндун сапатына дагы өтө чоң таасири болот. Улуттук курама командага эл аралык мелдеш алдында эле чогулат. Оюнчулардын физикалык деңгээли ар кандай болуп келет. Аны анализдеп, тактика түзүп, ар бир оюнга оптималдуу кылып алып келиш чоң эмгек. Ошондуктан ички мелдеште күчтүү атаандаштык болушу зарыл.

- Бул жылы ички чемпионатта он команда ойноп жатат. Футбол өнүгүшү үчүн ички чемпионатта атаандаштык, сырттан легионерлердин келиши да чоң тажрыйба. Кыргызстан чемпионатынын деңгээли боюнча эмне айта аласыз? Мына, өткөн жылы ойногон командалардан экөө быйыл ойнобой калышты. Кыргызстандагы бай кишилер клубдарды сатып алгысы келеби?

- Бай кишилер клубдарды кармагысы келет. Канча жылдан бери Салымбеков, Сакибаевдер “Дордой”, “Абдыш-Ата” сыяктуу командаларды каржылап жүрөт. Меценаттар бар болгону үчүн биздин футбол жашап атат. Ал эми кандай деңгээлде жашап атат ал өзүнчө суроо. Ал эми сиз айтып жаткан “Каганат”, “Нур-Баткен” сыяктуу командалардын быйыл катышпай калышы - бир четинен планды кыска мөөнөткө түзгөнүнөн. Быйыл ойной берели, анан көрөбүз дегендей мамиледен улам да. Ички чемпионатыбыз жылдан жылга күчтөнүп жатат десем аша чабам. Бирок төмөндөгөн жок десем туура болот. Өнүгүү жолуна кадам таштап жатканын байкайбыз. Биздин жергиликтүү оюнчуларга Казакстан, Беларус сыяктуу өлкөлөрдүн чемпионатына өткөнгө мүмкүнчүлүгү болууда.

Кыргызстан менен Филиппиндин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. Азия кубогу. 16-январь, 2019ж. Дубай, БАЭ.
Кыргызстан менен Филиппиндин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. Азия кубогу. 16-январь, 2019ж. Дубай, БАЭ.

- Биринчи жолу Кыргызстандын курама командасы 2019-жылы Азия чемпионатында ойноп, 1/8 финалга чейин жетип, көптүн эсинде калды. Кайрадан Азия кубогуна чыкты. Кандай оюн күтөбүз, жаңы машыктыруучу эмнеге көңүл бурушу керек? Эл аралык мелдешке чукул убакыт калганда машыктыруучунун алмашканы кандай таасир этет?

- Александр Крестининдин курамга кайсыл футболчуларды чакырып жатканын мен билгем. Негизи чоң мелдешке катышууга даярдык 2-3 жыл мурун эле башталат. Бул жерде негизги курамдан дагы, жакынкы резерв деп коет, ошону караш керек. Негизги курамдагы жаракат алгандарды ким алмаштыра алат? Жакынкы резервди ойнотуп көрүү үчүн убакыт керек. Улуттук курама команданын машыктыруучусунда андай убакыт жок. Келет, оюнчуларды эки аптада кайра тартышы керек. Ошол эки аптада максималдуу түрдө өзүнө керектүү маалыматты топтоп, жылына 4-5 жолу курама команда чогулса, ошондо гана маалымат ала алат. Башка маалыматты клубдардан ала алат. Дүйнөдө айрым учурда ири мелдештерге бир күн калганда, мелдеш учурунда машыктыруучулар алмашып кеткен мисалдар бар. Ошентсе дагы машыктыруучуну кайсыл бир чемпионаттын алдында алмаштыруунун кесепети да болбой койбойт. Ошондуктан эл аралык мелдешке 6-7 ай убакыт калган үчүн бизге тилдик тоскоолдугу жок, оюнчулар менен түз сүйлөшүп, өзүнүн философиясын, стратегия, тактикасын жеткире ала турган машыктыруучу зарыл. Эгерде алдыга узак жылдарга карай турган болсок, анда шашпай дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнөн талапкерлерди карап көрсө болот.

-Футбол ышкыбоздору көп учурда ийгиликсиз беттештер үчүн оюнчуларды сөгүп, тилдешет. Машыктыруучунун ролун экинчи планга калтырабыз.

- Жок, бул жерде кимди тилдесек дагы оюнчулар эң акыркы орунда турушу керек. “Жыйынтыкка башкы машыктыруучу жооп бериши керек” деген сөз бар футболдо. Федерация болгон шарттарды түзүп, башкы машыктыруучу курамга кимди алам десе, ошону чакырып берет. Анан жыйынтыкка машыктыруучу өзү жооп берет. Азыр машыктыруучулардын дагы мууну алмашууда. Футболго жаңы технологиялар кирип, чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө. Менимче, ошондой жагдайларды эсепке алып, машыктыруучу тандоо зарыл. Менин пикиримде, биздин футбол деле өсүп жатат. Бизге өзгөрүүлөр керек эле, ошонун азыр болгону жакшы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG