Нарындагы лыжа спорт мектебиндеги жападан жалгыз канаттык жолдо окуучулар үчүн шарт толук тузүлгөн эмес. Атайын техникалардын жоктугунан балдар көк муштум болгуча трассаны жөө таптап чыгышат.
Бүгүн- 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады.
Бишкекте көрүүсү жана угуусу начар адамдар арасында волейбол жана шахматтан жаңы жылдык мелдеш өттү. Волейболдон мелдеште кыз-келиндер жана эркектерден түзүлгөн сегиз команда күч сынашты.
UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 12-декабрь күнү Ош шаарына келип, күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү. Шевченко Ошто эки күн болуп, спорт залдын ачылышына катышып, балдар үйүнө да барды. Андан сырткары күйөрмандары менен чогуу машыгууларды өткөрдү.
Жарым коргоочу Алимардон Шүкүров Кыргызстандын "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам ага 10-декабрда Бишкекте өткөн Football awards-2021 жыл мыктыларын тандоо салтанатында ыйгарылды.
UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 21-ноябрда Кыргызстанга келген.
Жекшембиде шахмат боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды. Бир жумага созулган мелдеште 6 жаштан 14 жашка чейинки жаш шахматчылар күч сынашты.
Таласта ордо боюнча республикалык мелдеш өттү. Спорт чебери Элүүбай Макешовдун элесине арналган иш-чарага Талас, Чүй, Ош облустары, Бишкек шаарынан барган он команда катышты. Жаштар арасында 1-орунду Талас району, 2-орунду Чүй облусу, 3-орунду Талас облусу ээледи. Ардагерлер арасында 1-орун Талас облусу, 2-орун Ош облусу, 3-орун Талас районунун энчисине тийип, жеңүүчүлөр сыйлык алышты. Ордочулар оюндун өнүгүшүнө мамлекет жетиштүү көңүл бөлбөй келатканын айтышты.
«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы кыргызстандык балбан, жакында эле Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону наамына татыган Эрназар Акматалиев.
Дагы жүктөңүз