Валентина Ошто күйөрмандары менен жолукту
UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 12-декабрь күнү Ош шаарына келип, күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү. Шевченко Ошто эки күн болуп, спорт залдын ачылышына катышып, балдар үйүнө да барды. Андан сырткары күйөрмандары менен чогуу машыгууларды өткөрдү.
Facebook шеринеси