Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандары менен жолукту
UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 21-ноябрда Кыргызстанга келген. 22-ноябрда күйөрмандары менен жолугуп, жеке жашоосу, спорт жана башка суроолорго жооп берди. Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери алты жолу чемпиондук курун ийгиликтүү коргой алды.