Медициналык окуу жайдын студенти Эмир Мырзабеков 14 жашынан баштап көчө спорту менен машыгат. "Башында бир да жолу тартыла алчу эмесмин" деген Эмир учурда 60 кишиден турган Көчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти.
Токиодогу жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жыл кечиккен бул оюндар тарыхта "эң катаал Олимп оюндары" катары эсте калды.
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байге алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык спортчулар жана алардын машыктыруучулары Бишкекке келишти.
Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык оюнчуларды бүгүн, 7-августта Кыргызстандын эли чоң салтанат менен тосту. "Манас" аба майданында аларды расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу журналисттер, карапайым эл күтүп алды.
Токио Олимпиада оюндарында сууда көркөм сүзүү боюнча мелдештер өтүп жатат. 5-августта спорттун бул түрүнүн эки спортчудан турган мелдештери жыйынтыкталды. Бүгүн командалык жарыштар башталды.
«Күрөштө эң оор жолду Айсулуу Тыныбекова чапты, анын артынан келаткан кыздарга жеңилирээк болду». Кыз-келиндер курама командасынын улук машыктыруучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев ушундай пикирин бөлүштү.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын финалдагы беттешин жүздөгөн күйөрмандар, өлкө жетекчилери, өзүнүн жакындары түз эфирден көрүп турду. Тыныбекова финалда жапониялык Юкако Каваи менен беттешип, элине күмүш медал белек кылды.
Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш байге алды.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Дагы жүктөңүз