Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Кенжебаев: эң оор жолду Айсулуу чапты

Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова, коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарова, төртүнчү орундун ээси Айпери Медет кызы, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев. Токио, 4-август, 2021-жыл.

«Күрөштө эң оор жолду Айсулуу Тыныбекова чапты, анын артынан келаткан кыздарга жеңилирээк болду». Кыз-келиндер курама командасынын улук машыктыруучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев ушундай пикирин бөлүштү.

Ал ошондой эле Айпери Медет кызынын потенциалы, Мээрим Жуманазарованын атасы тууралуу суроолорго жооп берди.

Азаттык: Байгазы мырза, жеңишиңер менен куттуктайбыз. Кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында алгачкы күмүш жана коло медалга ээ болуп, кыргызстандыктарды сүйүнттүңөр. Жыйынтыкты кандай баалап жатасыңар?

Байгазы Кенжебаев: Албетте, биздин команда, машыктыруучулардын курамы Айсулуу балбан кызыбыздан алтын медал күткөнбүз. Тилекке каршы, баарыңар күбө болгондой эле тең күрөштө бакыт жапон кызына ооду. Башкалары тууралуу айта турган болсом, Айпери Медет кызы жок дегенде коло медал алат деген үмүтүбүз бар болчу. Кудайга шүгүр, үч кыз алып келип, үчөө тең жакшы күрөшүп беришти, жакшы көрсөткүчтөргө жеттик.

Азаттык: Айсулуу Тыныбекова финалдык таймаштан кийин машыктыруучуларым аябай аракет кылышты, мен өзүм кемчилик кетирип койдум дегендей билдирүү жасады. Бул жагы кандай болду?

Байгазы Кенжебаев: Менимче, Айсулуу туура эле айтты. Анткени, жеке машыктыруучусу, биз, улук машыктыруучулар эки жылдан бери колубуздан келишинче аракет кылып келдик. Айсулуу Токиого даярдыгы, формасы жагынан абдан жакшы келген. Балким, бизге дагы тажрыйба керек. Айсулуу финалдык беттештен чыгары менен кечирим сурагансып, «силер баарын туура кылдыңар, менден кетти» деп айтты. Бул эми Олимпиада. Биз да эмнеден кетиргенибизди анализдейбиз, өскөнгө аракет кылабыз. Кийинки Парижде өтө турган Олимп оюндарына даярдыкка сабак болду деген ойдомун.

Азаттык: Жапониялык балбан кыз Юкако Каваи дагы күчтүү экени мурдатан белгилүү болчу. Бул жолу анын артыкчылыгы эмнеде болду?

Байгазы Кенжебаев: Аябай деле чоң артыкчылыгы болгон жок. Балким өз жеринде, Жапонияда өткөнү дем берди. Бир жуманын ичинде баарын анализдейбиз го.

Айсулуунун алтынга тете күмүшү

Токиодогу Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.
1/12 Токиодогу Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Олимпиада чемпиону Юкако Каваи, күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова жана коло байге ээлери Ирина Кладиенко менен Тайбе Мустафа Юсеин.
2/12 Олимпиада чемпиону Юкако Каваи, күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова жана коло байге ээлери Ирина Кладиенко менен Тайбе Мустафа Юсеин.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу сыйлоо аземи учурунда көзүнө жаш алды. 
3/12 Айсулуу сыйлоо аземи учурунда көзүнө жаш алды. 
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Тыныбекова менен Каваи алтын үчүн күрөшүүдө.
4/12 Тыныбекова менен Каваи алтын үчүн күрөшүүдө.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
5/12

Айсулуу атаандашына 4:3 эсебинде утулду.
6/12 Айсулуу атаандашына 4:3 эсебинде утулду.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.
7/12 Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Финалдык таймашка чейинки беттештерде Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын чоң айырма менен уткан. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту. Жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.
8/12 Финалдык таймашка чейинки беттештерде Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын чоң айырма менен уткан. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту. Жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу Юкако менен төртүнчү ирет беттешти. Ошентип балбандар бири-бирин эки иреттен жеңди.
9/12 Айсулуу Юкако менен төртүнчү ирет беттешти. Ошентип балбандар бири-бирин эки иреттен жеңди.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
24 жаштагы Юкако Каваи Олимп оюндарына алгачкы жолу катышты. 
10/12 24 жаштагы Юкако Каваи Олимп оюндарына алгачкы жолу катышты. 
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу Тыныбекова учурда 28 жашта. Ал Олимп оюндарында кыз-келиндер арасында күмүш алган кыргызстандык алгачкы балбан.
11/12 Айсулуу Тыныбекова учурда 28 жашта. Ал Олимп оюндарында кыз-келиндер арасында күмүш алган кыргызстандык алгачкы балбан.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу беттештен кийин.
12/12 Айсулуу беттештен кийин.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Артка
Алдыга

Азаттык: Айсулуу Тыныбекованын Лондондо өткөн алгачкы Олимпиадасынан бери эле кыргызстандыктар алтын күтүп келишет. Эмнеге ага башынан ушундай чоң жоопкерчилик үйүлүп калган? Бул нерсе тескерисинче ага тоскоол болгон жокпу?

Байгазы Кенжебаев: Айсулуу Тыныбекованы алгачкылардан болуп «Азаттык» силер элге тааныткансыңар, чындыгында башынан эле ошондой. Айсулуу эгемен Кыргызстандын тарыхында кыздардын арасынан чоң спортко кадам таштаган алгачкылардан болду. Анан ал ошол кезде эле дүйнөлүк рейтингдерде жогорку орундарда турган. Андан бир эле кыргызстандыктар эмес, эл аралык эксперттер дагы алтын медал күтүшчү. Бирок ошол элдин үмүтү, күтүүсү дагы бир чети Айсулууга ишеним берип, анын өсүшүнө өбөлгө түздү. Ал элинин үмүтүн актаганга колунан келишинче аракет кылды. Ошондуктан кечээ утулуп калганда аябай ыйлап, жаман болду. Азыр абалы жакшы. Дагы бир айта кетчү нерсе, Айсулуу өсө турган, кесипкөй спортчу катары дароо жеңилгенин моюнуна алды. Ал "оюмду топтоп, анан кийинки пландарымды айтам" деди.

Балбан кыздар Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев менен.
Балбан кыздар Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев менен.

Азаттык: Барган үч кыздын экөө медал алды. Ал эми жарым финалга чейин барып, утулуп калган Айпери Медет кызынын маанайы кандай? Негизи эле Мээрим менен Айперинин алгачкы Олимпиадада эле жакшы көрсөткүчтөргө жетишин эл аралык коомчулук дагы жакшы баалап жатат окшойт?

Байгазы Кенжебаев: Айсулуу менен Мээрим медал алгандан бери Айперинин көздөрү жайнап, жанданып калды. Кыздардын жеңиши ага дем берди. Мен дагы буюрса алам деп турат. Айперинин потенциалы абдан күчтүү, келечеги кең. Бул жолу ал жаштыгы менен, колунда турган өпкөнү албай, куйрукту алам деп шашып жиберди. Айперинин тобу аябай күчтүү болду. Олимпиада чемпиону менен күрөштү. Мунун баары оңойго турган жок. Бул жакта Айпери өз салмагында дүйнөлүк элитага чыкты деген сөздөр болуп жатат. Мээрим Жуманазарованын дагы потенциалы чоң. Негизи эле бул эки кызга бир аз жеңилирээк болду. Анткени Айсулуу Тыныбекова жолду чаап, жол көрсөтүп келет. Башында машыктыруучулардын дагы тажрыйбасы жок эле. Нурбек Изабеков деле, биз деле көп нерсени билчү эмеспиз. Шарттар жакшы. Мурда өкмөттөн федерацияга акча аз бөлүнсө, азыр каражат жагы жетиштүү. Мамлекет да, карапайым эл дагы жакшы колдоо көрсөтүп келет. Мээрим менен Айперинин биринчи Олимпиадада эле жакшы көрсөткүчтөргө жетишкени ушул себептен болуп жатат. Эң оор жолду Айсулуу чапты. «Эжени көрүп сиңди өсөт» демекчи, кыздар анын артынан көтөрүлүп жатышат. Буюрса, келечектери алдыда.

Кыргыз спортунун жаңы барагын ачкан балбандар

22 жаштагы Акжол Махмудов эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы Олимп оюндарында экинчи күмүш байгени утту.
1/18 22 жаштагы Акжол Махмудов эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы Олимп оюндарында экинчи күмүш байгени утту.
Олимпиада грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта медал уткан спортчулар: алтын медалды венгриялык Тамаш Лёринц, күмүштү кыргызстандык Акжол Махмудов, коло байгелерди жапониялык Шохей Якибу, азербайжандык Рафиг Хусейнов алышты.
2/18 Олимпиада грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта медал уткан спортчулар: алтын медалды венгриялык Тамаш Лёринц, күмүштү кыргызстандык Акжол Махмудов, коло байгелерди жапониялык Шохей Якибу, азербайжандык Рафиг Хусейнов алышты.
Акжол Махмудов алтын байге үчүн айыгышкан кармашта Лондон Олимпиадасында күмүш байге уткан, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону 34 жаштагы Тамаш Лёринцке бир упай айырмасы менен гана 1:2 эсебинде жеңилип калды.
3/18 Акжол Махмудов алтын байге үчүн айыгышкан кармашта Лондон Олимпиадасында күмүш байге уткан, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону 34 жаштагы Тамаш Лёринцке бир упай айырмасы менен гана 1:2 эсебинде жеңилип калды.
“Экинчи болуп калдым, өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун. Эмнеге жөндөмдүү экенимди да көрсөтө албадым. Финалда бир аз алаксып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Финал болобу, канчанчы беттеш болбосун утулуп калгандан кийин сезимдер канааттандырарлык боло албай жатат. Утулуп калганыма бир аз маанайым чөгүп турат”,- деди “Азаттыкка” Акжол Махмудов.
4/18 “Экинчи болуп калдым, өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун. Эмнеге жөндөмдүү экенимди да көрсөтө албадым. Финалда бир аз алаксып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Финал болобу, канчанчы беттеш болбосун утулуп калгандан кийин сезимдер канааттандырарлык боло албай жатат. Утулуп калганыма бир аз маанайым чөгүп турат”,- деди “Азаттыкка” Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов 2-августта финалдык таймашка чыкканга чейин төрт беттешти ийгиликтүү өткөрдү. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңди. 
6/18 Акжол Махмудов 2-августта финалдык таймашка чыкканга чейин төрт беттешти ийгиликтүү өткөрдү. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңди. 
Кыз-келиндер күрөшүнөн 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
7/18 Кыз-келиндер күрөшүнөн 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта үчүнчү орун үчүн беттеште монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде далысын жерге тийгизип таза утту.
8/18 Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта үчүнчү орун үчүн беттеште монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде далысын жерге тийгизип таза утту.
Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийин.
9/18 Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийин.
Мээримдин байгеси эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
10/18 Мээримдин байгеси эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалга чыкты.
11/18 Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалга чыкты.
Айсулуу жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп алды.
12/18 Айсулуу жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп алды.
Айсулуу Тыныбекова биринчи айлампада төрт упай алып алдыга чыккан. 2-айлампада дагы алты упай алып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады.
13/18 Айсулуу Тыныбекова биринчи айлампада төрт упай алып алдыга чыккан. 2-айлампада дагы алты упай алып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады.
<p>Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан.</p>
14/18

Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан.

Жапониялык Юкако Каваи - Айсулуунун финалдагы атаандашы.
15/18 Жапониялык Юкако Каваи - Айсулуунун финалдагы атаандашы.
Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.
16/18 Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.
Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткотуучу беттеште күчүн сынайт.
17/18 Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткотуучу беттеште күчүн сынайт.
Бишкектеги борбордук аянтта, бир катар шаарларда чоң экрандар орнотулуп, күйөрмандар кыргызстандык балбандарды сүрөөнгө алып турду.
18/18 Бишкектеги борбордук аянтта, бир катар шаарларда чоң экрандар орнотулуп, күйөрмандар кыргызстандык балбандарды сүрөөнгө алып турду.
Артка
Алдыга

Азаттык: Байгазы мырза, ушул тапта социалдык тармактарда Мээрим Жуманазарованын алгачкы машыктыруучусу - анын атасы Дүйшөн Жуманазаровдун Токиого барбай калышы катуу сынга кабылып жатат. Буга кандай комментарий бересиз?

Байгазы Кенжебаев: Албетте, квота жетиштүү болуп, пандемия болбосо агай дагы барса абдан жакшы болмок. Бирок күрөштүн үч түрүнөн тең башкы жана улук машыктыруучулар гана келдик. Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу - Нурбек Изабеков, ал эми улук машыктыруучусу мен. Ал киши Мээрим менен Айперинин биринчи машыктыруучусу. Ал эми Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков, Айпери Медет кызыныкы Нурбек Изабеков. Социалдык тармактарда бир аз адашып жазып алышты окшойт. Пандемия болбосо баары эле келмек.

Азаттык: Рахмат, Байгазы мырза. Ишиңизге ийгилик!

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG