Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:50

Трамптын өкүлү Украинага барат


Владимир Зеленский, Дональд Трамп жана Владимир Путин. (Коллаж).
Владимир Зеленский, Дональд Трамп жана Владимир Путин. (Коллаж).

Украинанын куткаруу кызматы борбор калаа Киевде 12-февралга караган түнү Орусиянын ракеталык соккудан бир кишинин өмүрү кыйылганын тастыктады.

Украинанын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы 12-февралдагы расмий маалыматында билдиргендей, Киевдин Оболонский районунда ири өрт тутанды, кеңсе имаратынын жети кабаты күйүп, ал жерде бир адам каза болду.

Шаар мэри Виталий Кличко үч адам жабыркап, анын ичинде тогуз жаштагы кыз ооруканага жеткирилгенин билдирди. Киевдин Голосеев районунда 600 чарчы метр аянтты ээлеген кампа күйүп жатканы маалымдалды. Соломенский районунда көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыкты.

Орусия Киевге жергиликтүү убакыт боюнча таңкы төрт чамасында бир нече баллистикалык ракета учурганы маалым болду.

Украинанын бир катар аймактары 11-февралда да бутага алынган. "Укрэнерго" ишканасы шейшембиде эртең менен өлкөдө ракета жана дрон соккуларынан улам электр энергиясын берүү чукул токтотулганын кабарлаган. Энергетика министрлиги түн ичинде Орусия газ инфраструктурасын бутага алганын билдирген. Орус армиясы Полтава облусуна ракета менен чабуул жасап, Миргород районунун 9 айыл-кыштагы жаратылыш газы жок калган.

Херсон облусунун администрация башчысы Александр Прокудин 11-февралда маалымдагандай, бир суткада орус аскерлеринин аткылоосунан эки жай тургун набыт болду, алтоо жараат алды.

"Бутага калк жашаган райондор алынып, көп кабаттуу 6 үй, 12 жер там, газ түтүктөрү, айыл чарба техникасы жана менчик машиналар жабыркады", - деп жазды Прокудин Телеграмдагы баракчасына.

Шейшембиге караган түнү Украина Орусиянын Саратов жана Энгельск шаарларына чабуул койгону маалымдалган. Өлкөнүн бул аймактарында аба соккусу тууралуу эскертүү берилген.

Саратов облусунун жергиликтүү бийлиги дрон чабуулунан айрым өндүрүш имараттары жабыркаганын маалымдады. Жергиликтүү Телеграм каналдар Саратов шаарында "Роснефтке" караган "Крекинг" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкканын жазды.

Саратов Москвадан 725 километр алыс жерде, Волга дарыясынын боюнда орун алган.

"ВЧК-ОГПУ" аскердик аэродромго чабуул болгонун жазып, жарылуу жана өрттүн видеолорун чыгарды.

Бул калаада орусиялык стратегиялык авиациянын аэродрому жайгашкан. Ал жактан украин аймагына канаттуу ракеталар менен сокку урулуп келет.

"Кристалл" мунай базасынын геолокациясы. Саратов облусу. 8-январь, 2025-жыл.
"Кристалл" мунай базасынын геолокациясы. Саратов облусу. 8-январь, 2025-жыл.

Ал тапта АКШ президенти Дональ Трамп анын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү жакында Украинага барарын билдирди.

Трамп 10-февралдагы билдирүүсүндө ушул аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшөрүн да кошумчалады:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

"Ал келишим түзгүсү келет. Биз аны менен сүйлөшүп жатабыз, менимче, эки тарап тең келишим түзгүсү келет. Бирок биз байкап турушубуз керек. Бул нерсе аткарылышы керек. Эгерде мен президент болгондо, мындай болмок эмес".

Украин президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамптын командасынын мүчөлөрү ушул аптада Украинага келерин ырастады:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Ушул жумада Трамптын командасынын кээ бир адамдары Мюнхен конференциясына чейин Украинага келишет. Андан кийин Мюнхен конференциясында мен бир нече жолугушууларды өткөрөм. Андан кийин менин командамдын да өзүнчө жолугушуулары болот. Украинада Америка Кошмо Штаттарынан келген кесиптештер менен жемиштүү иш болот".

Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс 14-16-февраль күндөрү Германияда өтө турган Мюнхен коопсуздук жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог аталган конференцияда согушту жайгаруу планын сунуштары маалымдалган. Ал пландын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаганына 24-февралда үч жыл болот. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебине ылайык, бул аралыкта Украинада кеминде 12 миң жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Карапайым тургундар арасындагы жоготуулар чынында мындан кыйла көп болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG