Кырызстандык балбан Акжол Махмудов шейшембиде Токио Олимпиадасында алтын медал үчүн килемге чыгат. Ал эми Айпери Медет кызы коло байге үчүн мелдеште жеңилип калды. Бул ирет Олимп оюндарына 9 балбан катышууда.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Токиодогу Олимпиада оюндарында жарым финалда атаандашын утуп, финалга чыккан кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен маектин аудиосу.
Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
68 кг салмак категориясы боюнча мелдешкен кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарованын атасы Дүйшөн Жуманазаров бул Олимп оюндары кызынын биринчи Олимпиадасы экенин айтты. Ал ошондой эле, Мээрим өз салмак категориясында эң жашы экенин кошумчалады.
Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышып келет. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болгон. Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турган Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасындагы атаандаштары кимдер? Алардын айрымдары менен таанышып алыңыз.
Жапониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимп оюндары кызуу жүрүүдө. 23-июлда башталган оюндарга дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Жалпысынан 339 медалдар топтому ойнотулат. Мелдештер 8-августта аяктайт.
Дагы жүктөңүз