18-апрель күнү кечинде Европанын алдыңкы 12 футбол клубу өздөрүнүн чемпионатын уюштурарын расмий жарыялады. Бул жаңылык футбол дүйнөсүн эки жаатка бөлүп, Европанын футбол ассоциациялар союзу (УЕФА) менен дүйнөдөгү бай командалардын тирешин тереңдетти.
Спорттун жиу-житсу түрү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.
Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Тагайбек Урматаев футболдун 68 жылдык тарыхын кооз кол жазма менен дээрлик 14 жыл бою кагазга түшүрүп келген. Өзгөчө кол жазманын ээси менен маекти сунуштайбыз.
Бишкек жана Ош шаарларында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган акциялар өттү. Бишкек шаардык соту Курсан Асановду үй камагына чыгарды. Кубанычбек Жумалиев казынага 1 млрд. сом төгүп, эркиндикке чыкты. //"Бүгүн Азаттыкта". 12.04.21.//
Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Эрназар Акматалиев Жапониядагы жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Ушуну менен Олимпиадага бара турган кыргыз спортчуларынын саны 12ге жетти.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келди. Уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгүн талаадан тапкан чабан "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берди. Орусияда рубль арзандап, мындан 5 ай мурдагы минимумга түштү. //"Бүгүн Азаттыкта". 09.04.21.//
Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Бишкектеги Азия жана Океания чемпионатын бир алтын, бир коло байге менен жыйынтыктап жатат. Алтын байгени Владимир Золоев алса, коло байгени Кубанычбек Айбек уулу тагынды.
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Жол эрежесин бузган эки берене боюнча айып пул кайра каралууда. Бишкекте "Март, Апрель, Октябрь революцияларынын сабактары" деген талкуу өттү. Путин буга чейинки бийлик мөөнөттөрүн «жокко чыгарган» мыйзамга кол койду. "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын 2021-жылдын 6-апрелиндеги чыгарылыш.
“Азаттык” радиосу “Олимпиадага жол” түрмөгүн улантат. Бул жолу жеңил атлет Дарья Маслова тууралуу айтып беребиз.
Дагы жүктөңүз