Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Кыргыздын намысына жараган Владимир

Владимир Золоев.
Владимир Золоев.

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Бишкектеги Азия жана  Океания чемпионатын бир алтын, бир коло байге менен жыйынтыктап жатат. Алтын байгени Владимир Золоев алса, коло байгени Кубанычбек Айбек уулу тагынды.

Дзюдодон чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты бүгүн, 9-апрелде жыйынтыкталды.

Алтын байгени Кыргызстанга спортчу Владимир Золоев мелдештин экинчи күнүндө утуп берди. Ал 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, жалпы төрт беттеш өткөргөн жана финалда түштүк кореялык Ли Мун Жинди жеңди. Бул салмакта коло байге монголиялык Саид Моллаеи менен өзбекстандык Шорафиддин Болтабоевге буйруду.

Золоев Орусиянын Владикавказ шаарында туулган. 2015-жылдан бери эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келет. Ал 2017-жылы Баку шаарындагы IV Ислам Шериктештиги оюндарында, ушул эле жылы Азия чемпионатында, 2018-жылы Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында коло байгелердин ээси болгон.

Дзюдочу мелдеш тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты.

“Мындай мелдеш бизде биринчи жолу өттү. Баарыбыз кандай жогору деңгээлде уюшулганын көрдүк. Мага жардам берип, чемпион болушума түрткү болгон адамдарга, машыктыруучум Абдужалил Юнусовго, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаевге, жалпы командага, кыргыз элине ыраазычылык билдирем. Кыргыз элинин үмүтүн актадым деп үмүттөнөм​”.

Буга чейин кыргыз дзюдо тарыхында Азия жана Океания чемпионатынан кыргыз спортчулары 3 күмүш жана 13 коло байге уткан. Золоевдин алтын медалы кыргыз дзюдо тарыхындагы алгачкы алтын байге болуп калды.

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов кыргыз элин тарыхый алтын байге менен куттуктады.

Дзюдочу Владимир Золоев жана машыктыруучусу Абдужалил Юнусов (Архивдик сүрөт).
Дзюдочу Владимир Золоев жана машыктыруучусу Абдужалил Юнусов (Архивдик сүрөт).

“Владимир Золоев мени эле эмес бүт кыргыз дзюдо сүйүүчүлөрүн сүйүнттү. Бул Кыргызстандын тарыхындагы чоңдор арасындагы алгачкы алтын байге. Буга чейин мындай байгени кыргыз дзюдочулары Азия чемпионатынан ала элек болчу. Золоевге бул мелдеште жеңишке жеткени үчүн 700 упай берилет. Алдыдагы дагы эки мелдешке катышып, жакшы жыйынтык көрсөтсө олимпиадага жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болот. Негизи кыргыз спортчулары бул мелдеште бир алтын, төрт коло байге алышмак. Тилекке каршы калыстар айрым учурда калыстык кылган жок. Буюрса олимпиада оюндарына үч дзюдочунун жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар”.

Чемпионатта таймаштар курч атаандаштыкта өтүп, Олимп оюндарынын байге ээлери, дүйнө чемпиондору утулуп, байгесиз калышты. Маселен, Золоев дүйнө чемпиону монголиялык Саид Моллаеини жеңди. Дагы бир дүйнө чемпиону, 2016-жылдагы жайкы Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, казакстандык Элдос Сметов чейрек финалда кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулуна утулуп калды.

Балбан Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатында коло байгенин ээси болду.

Кубанычбек Айбек уулу 20 жашта. 2019-жылы жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия кубогунун күмүш байгелеринин ээси болгон.

Кубаныч Айбек уулу (оңдон экинчи) сыйлоо аземи учурунда. Бишкек. 6-апрель, 2021-жыл.
Кубаныч Айбек уулу (оңдон экинчи) сыйлоо аземи учурунда. Бишкек. 6-апрель, 2021-жыл.

“Бул чемпионат мыкты өттү. Өз үйүңдө өткөндө чоң жоопкерчилик болот экен. Ошондуктан жакшылап даярдандык. Мелдештин финалына чыгууга жакшы эле аракет кылдым. Тилекке каршы тайбэйлик балбан менен күрөшкөндө чарчап калдым. Ошентсе да коло байге утканыма сүйүнүп турам. Эми алдыда Олимпиадага лицензия ойнотула турган эки мелдеш калды. Ошол мелдештерге катышып жакшы жыйынтык көрсөтүп, Олимп оюндарына жолдомо алууга упайыбыз жетсе, буюрса эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын коргойбуз”, - деди Кубанычбек Айбек уулу.

Коронавииурс пандемиясынан улам мелдештерге күйөрмандар киргизилген жок, аны КТРК спорт каналы түз эфирде көрсөттү.

Азия жана Океания дзюдочулары Бишкекте күч сынашууда

Чемпионатта Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт. Биринчи мелдеш күнүндө кыргызстандык тогуз дзюдочу татамиге чыкты.
1/13 Чемпионатта Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт. Биринчи мелдеш күнүндө кыргызстандык тогуз дзюдочу татамиге чыкты.
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Таймаштар Бишкектеги «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат.
2/13 Таймаштар Бишкектеги «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат.
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
3/13

Мелдештин расмий ачылыш аземи бүгүн, 6-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд ал-Анзи баш болгон бир катар расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өттү.  
4/13 Мелдештин расмий ачылыш аземи бүгүн, 6-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд ал-Анзи баш болгон бир катар расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өттү.  
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
5/13

Кыргызстандын улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын президенти, Азиянын дзюдо бирлигинин вице-президенти (борбордук зона) Жолдошбек Көлбаев, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд ал-Анзи.
6/13 Кыргызстандын улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын президенти, Азиянын дзюдо бирлигинин вице-президенти (борбордук зона) Жолдошбек Көлбаев, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд ал-Анзи.
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Чемпионат Эл аралык дзюдо федерациясынын талабына ылайык көрүүчүлөрсүз, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт.
7/13 Чемпионат Эл аралык дзюдо федерациясынын талабына ылайык көрүүчүлөрсүз, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт.
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Чемпионатты КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтүүдө. 
8/13 Чемпионатты КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтүүдө. 
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Кыргызстандык дзюдочу Ксения Бельдягина бир беттеште жеңишке жетип, андан соң жеңилүү ызасын тартып, мелдешти байгесиз жыйынтыктады. Ушундай эле жыйынтык менен кыз-келиндер арасында Адина Кочконбаева, Айсулуу Мусакулова, эркектер арасында Отар Бестаев менен Байбол Саламат уулу таймаштан четтеди.  
9/13 Кыргызстандык дзюдочу Ксения Бельдягина бир беттеште жеңишке жетип, андан соң жеңилүү ызасын тартып, мелдешти байгесиз жыйынтыктады. Ушундай эле жыйынтык менен кыз-келиндер арасында Адина Кочконбаева, Айсулуу Мусакулова, эркектер арасында Отар Бестаев менен Байбол Саламат уулу таймаштан четтеди.  
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
<p>Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатынын коло байгесинин ээси болду. Ал 60 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди жеңди. Айбек уулу&nbsp;чейрек финалда дүйнө чемпиону (2015-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.), казакстандык Элдос Сметовду жеңип алган. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Юнг Йанг Вэйге утулуп калган эле.&nbsp;</p>
10/13

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатынын коло байгесинин ээси болду. Ал 60 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди жеңди. Айбек уулу чейрек финалда дүйнө чемпиону (2015-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.), казакстандык Элдос Сметовду жеңип алган. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Юнг Йанг Вэйге утулуп калган эле. 

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Кубанычбек Айбек уулу 20 жашта. 2019-жылы дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия кубогунун күмүш байгелеринин ээси болгон.<br />
Бул күнү Айбек уулунан сырткары дагы бир кыргыз дзюдочусу Артур Те 3-орун үчүн таймашта казак спортчусу Элдос Жумакановдон мөөрөйдү ала албай калды.
11/13 Кубанычбек Айбек уулу 20 жашта. 2019-жылы дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия кубогунун күмүш байгелеринин ээси болгон.
Бул күнү Айбек уулунан сырткары дагы бир кыргыз дзюдочусу Артур Те 3-орун үчүн таймашта казак спортчусу Элдос Жумакановдон мөөрөйдү ала албай калды.
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
<span style="font-size: 1em;">Эртең, 7-апрелде эркектер арасында 73 кг., 81 кг., кыз-келиндер арасында 63 кг., жана 70 килограммга чейинки салмакта спортчулар күч сынашат. Бул күнү Кыргызстандан Бексултан Султанов (73 кг.), Владимир Золоев (81 кг.), Ажар Исаева (63 кг.) жана Айжан Кадырбекова (63 кг.) татамиге чыгат.</span>
12/13 Эртең, 7-апрелде эркектер арасында 73 кг., 81 кг., кыз-келиндер арасында 63 кг., жана 70 килограммга чейинки салмакта спортчулар күч сынашат. Бул күнү Кыргызстандан Бексултан Султанов (73 кг.), Владимир Золоев (81 кг.), Ажар Исаева (63 кг.) жана Айжан Кадырбекова (63 кг.) татамиге чыгат.
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
<p>Дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат. Таймаштар &laquo;Газпром балдарга&raquo; дене тарбия &ndash; ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген. Алар 15 топтом медаль үчүн күч сынашат. Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт.</p>
13/13

Дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат. Таймаштар «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген. Алар 15 топтом медаль үчүн күч сынашат. Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт.

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Артка
Алдыга

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 6-апрелде башталган. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген. Кыргызстандан 17 дзюдочу катышты. Бүгүн, 9-апрелде командалык мелдештер өттү.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG