Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Жиу-житсу - билеги күчтүү балбандардын кармашы

Спорттун жиу-житсу түрү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.

Мелдеш 11-12-апрель күндөрү Бишкектеги спорт ордосунда өтүп, ага 320 балбан катышты. Таймаштар төрт багытта - өспүрүмдөр, жаштар, кыз-келиндер жана чоңдор арасында өттү.

"Жиу-житсу боюнча өлкө чемпионатын быйыл 5-жолу өткөрүп жатабыз. Жыл сайын бул спорттун түрүнө кызыккан спортчулар көбөйүүдө. Айрыкча 2018-жылы Жакартада өткөн Жайкы Азия оюндарынан кыргызстандык төрт спортчу бир алтын, бир күмүш, эки коло медаль утуп келгенден кийин Кыргызстанда жиу-житсу менен алектене баштаган жаштар көбөйдү. Бул бизди абдан кубандырат. Бул чемпионаттын жыйынтыгынан Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасы түптөлөт", - деди Кыргызстандын жиу-житсу федерациясынын президенти Абдурахманхажи Муртазалиев.

XS
SM
MD
LG