Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева келбети калыбына келе баштаганын билдирди.
Ал бул тууралуу Инстаграмдагы баракчасына жарыялап, бул үчүн Кыргызстандын жана Москванын дарыгерлерине ыраазы экенин жазды.
"Келбетим акырындап калыбына келе баштады, менден жардамын аябаган биздин жана Москванын врачтарына ыраазымын", - деп жазды Асел.
Асел Ногойбаевага былтыр октябрь айында Москва шаарында биринчи коррекциялык операция жасалган.
Мурдараак кыргызстандык дарыгерлер Асел Ногойбаевага бир нече этап менен операция жасалышы керектигин билдиришкен.
2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.
Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду окуя болгонго чейин “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.
26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. Жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
23-январда Кыргызстанда зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбай турган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт. (ZКo)
Шерине