Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:48

Өзгөн, Сузак, Токтогул райондорунда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-январь күнү саат 23:36да Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 3 баллга жеткен силкинүү катталды.

Силкинүү күчү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

12-январда саат 11:52де да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү күчү Кара-Кулжа районундагы Кара-Жыгач айылында 3 баллга, Өзгөн районунун Ийрек, Курбу-Таш, Туз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

9-январда да Ош облусунун Ноокат районунун аймагында очогунда 3 баллды түзгөн силкинүү болгон.

4-январь күнү Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жана Чүй облусунун аймагында үч баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG