АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефондон сүйлөшүүсү жакынкы апталарда болушу мүмкүн. Бул тууралуу ABC News телеканалына Трамп өзүнө улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчи кылып тандаган конгрессмен Майк Уолц кабарлады. Ал учурда эки президенттин саммитине даярдык көрүлүп жатканын, бул сүйлөшүү анын алгачкы кадамы болорун белгиледи.
Уолц саммитке Укранинанын президенти Владимир Зеленский дагы катышабы деген суроого жооп берип жатып, Трамп менен Путундин жолугушуусунун форматы азырынча так аныктала электигин айтты.
Буга чейин Трамп дагы Путин менен жолугушууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген, бирок убактысын тактаган эмес.
Кремль соңку маалыматтар тууралуу азырынча комментарий бере элек. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Трамптын байланышуу аракетин кубаттай турганын билдирген жана Кошмо Штаттарынын шайлаган президенти кызматка расмий киришкенин күтүү керектигин белгилеген.
Трамп былтыр шайлоо өнөктүгү маалында кызматка киришкенден кийинки 24 сааттын аралыгында Украинадагы согушка чекит коёрун билдирген. Эми ал жакынкы алты ай ичинде аскердик аракеттерди токтото аларына үмүттөнүп жатканын айта баштады.
Буга чейин Зеленский Трамптын "күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн болбогон мүнөзү" Орусия менен согушка чекит коюуга жардам бериши ыктымал экенин билдирген.
Шерине