Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:31

Лос-Анжелестеги өрттө бери дегенде 24 адамдын өмүрү кыйылды


Лос-Анжелесте ири өрт 7-январда башталган.
Лос-Анжелесте ири өрт 7-январда башталган.

АКШнын Калифорния штатынын өзгөчө кырдаалдар кызматтары ушул аптадан тартып Лос-Анжелесте катуу шамал кайра күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Бл шаарда токойлор жети күндөн бери өрттөнүп жатат жана кырсыкта кеминде 24 адам мерт болду.

Пасифик-Палисейд аймагындагы катуу өрт америкалык атактуулар жашаган Брентвуд жана Бель-Эйр райондоруна дагы жайылуу коркунучу жаралды

Лос-Анжелесте ири өрт 7-январда башталган, ошондон бери 10 миңден ашуун объект күйүп кетти, 180 миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Өрттүн айынан Голливддун Энтони Хопкинс, Пэрис Хилтон жана Мэд Гибсон баштаган жылдыздары, таанымал саясатчылар там-ташынан айрылды.

Аймактагы коюу, уулуу түтүндөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланган. Морадерчулук фактылары каттала баштагандыктан шаарда Улуттук гвардиянын аскерлери кароосуз калган үйлөрдү кайтарып жатат. Лос-Анжелесте кечки саат алтыдан таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизилген. Талап-тоноого шек саналып 20дай адам камакка алынды.

АКШнын президент Жо Байден тилсиз жоону "чоң кырсык" деп атаган жана Вашингтон жарым жылдын ичинде келтирилген зыян-чыгымдын 100% төлөп берерин убада кылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG