Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу Мирлан Сражидинов каза болду.
Украина ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча АКШнын сунушуна макул болду. Ал эми Кошмо Штаттар Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырат.
Шейшембиде эртең менен ондогон дрон Москвага сокку урганда үч киши каза тапканы, ондон ашуун адам жараланганы кабарланды. Ошол эле күнү эртең менен жана түн ичинде Орусия Украинанын ар кайсы жерин баллистикалык ракета жана дрондор менен аткылады.
Орусияда "көзөмөл реестрине" 700 миңдей чет элдик жаран киргизилди, анын 83 миңи кыргызстандык мигранттар. Сирияда өкмөттүк күчтөр менен Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Өкмөт мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди.
Сирияда өкмөттүк күчтөр менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Бул тууралуу укук коргоочулар тобу кабарлашты.
АКШ Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөткөн өлкөлөрдүн сап башында турат, бирок 20-январда кызматка киришери менен президент Дональд Трамп 90 күнгө тышкы каржылоону токтотуу чечимин кабыл алганы тынчсызданууну жаратууда.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү боюнча планды бекитишти.
Президент Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын тургундарын урушканына байланыштуу эскертүү берди. Евробиримдикке мүчө өлкөлөр аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү планын кабыл алды. Алматы шаарында белгисиз адам аэропорттун кызматкерин бычак менен барымтага алды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация Вьетнамда жүрөт. Бул кыргыз расмийлеринин Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бишкектеги “Аккула” ат майданынын 53 гектардан ашык жери ири курулуш үчүн вьетнамдык жарандар түзгөн компанияга берилери айтылган.
Дүйнөнү дүң кылган кайым айтыштан кийин америка лидери Трамп менен украин президенти Зеленский кайра тил табышкандай болду. АКШнын жардамы жок Украина орус армиясына канчалык туруштук берет? Европанын чама-чаркы кандай?
АКШ Украинага чалгын маалыматтарын берүүнү убактылуу токтотту. Тажикстандын башка жерине алмашылганы жаткан Достук айылынын тургундарын Баткен шаарына жакын Чет-Булак тилкесине көчүрүү чечими кабыл алынды. Бишкекте зордуктоого шектелген беш киши эки айга камалды.
"Талибан" ооган кыз-келиндерине каалаган жерде иштөөгө, окууга, коомдук жайга барууга, алтургай бөлмөсүнө терезе коюуга тыюу салган. Мындай чектөөгө туш болгон аялдар америкалык порножылдыздын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилгенине нааразы. Укук коргоочулар муну "эки жүздүүлүк" деп сындап жатат.
Дагы жүктөңүз