Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Орусияда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) негизги талаптары аткарылбай жатканын айтып чыкты. Ал өзү туш болгон окуяны мисал кылып, Кыргызстандын жарандары Орусияга кирүүдө тоскоолдуктарга кабылып жатканын белгиледи.
Нидерландда кыргызстандык бир нече айдоочу иш таштап, жүк ташуучу унааларын токтотуп коюшту. Алар өздөрүн ишке алган Литвадагы логистикалык компания айлыктарын толук төлөбөй жатканына нааразы. Айрымдары иш берүүчүнүн басымына кабылганын айтууда. Компания "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.
Кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлду. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, Америка бийлиги "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барарын эскертти. Ошто жер титирөөдөн 25 турак-жай, 12 мектеп жана бала бакча менен айылдык эмкананын имараты жабыр тартты.
Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барды. Вашингтондун жогорку өкүлү орус бийлигин Украинадагы ок атууну 30 күнгө токтотуу сунушу менен тааныштырмакчы. 11-мартта ал планга Киев макул болгон.
Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болду. Вашингтон анын артынан Киевге аскердик жардам берүүнү жана чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү жандандырды. Эми Кремлдин жообу кандай болушу мүмкүн? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.
Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу Мирлан Сражидинов каза болду.
Украина ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча АКШнын сунушуна макул болду. Ал эми Кошмо Штаттар Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырат.
Шейшембиде эртең менен ондогон дрон Москвага сокку урганда үч киши каза тапканы, ондон ашуун адам жараланганы кабарланды. Ошол эле күнү эртең менен жана түн ичинде Орусия Украинанын ар кайсы жерин баллистикалык ракета жана дрондор менен аткылады.
Орусияда "көзөмөл реестрине" 700 миңдей чет элдик жаран киргизилди, анын 83 миңи кыргызстандык мигранттар. Сирияда өкмөттүк күчтөр менен Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Өкмөт мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди.
Сирияда өкмөттүк күчтөр менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Бул тууралуу укук коргоочулар тобу кабарлашты.
АКШ Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөткөн өлкөлөрдүн сап башында турат, бирок 20-январда кызматка киришери менен президент Дональд Трамп 90 күнгө тышкы каржылоону токтотуу чечимин кабыл алганы тынчсызданууну жаратууда.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү боюнча планды бекитишти.
Дагы жүктөңүз