Кыргызстанда күнүнө эки ирет бир нече саатка электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди. Эртең менен жана кечинде электрди колдонуу кескин көбөйгөндүктөн энергетиктер ушундай чарага барганын айтышат. Кургакчылыктан жана керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында быйыл дагы жетиштүү суу топтолгон жок. Расмийлер калкты электр энергиясын болушунча сарамжал колдонууга чакырууда.
Кыргызстан
Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилиши карым-катнаштын жанданышына алып келди. Бир учурда дүркүрөп өсүп, бирок кийин соода солгундап калган Борбор Азиядагы эң ири дүң соода базары “Кара-Сууда” кандай өзгөрүүлөр бар? Убагында кытай товарларын Өзбекстан менен Тажикстанга рэкспорт кылып турган базарда бүгүн соода кандай? “Данисте” бул жолу “Кара-Суу” базарындагы соодагерлердин турмушу тууралуу сөз кылат.