Кыргызстанда 600дөй студент Орусиядагы Евразия фонду каржылаган медиа мектепте үч күндүк тренингден өтүштү. Болочок журналист жана блогерлерге орусиялык тележурналист, блогерлер жана жергиликтүү медиа эксперттер сабак берди. Ал тапта медиа эксперттер журналисттердин сабаттуулугун арттырабыз деген аракеттин аркасында кайсы бир өлкөнүн "жашыруун пропагандасы жокпу" деген суроону беришет.
Кыргызстан
Кыргызстандын саясий турмушу кызып, парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Эми 19 күн бою талапкерлер өз программасы менен тааныштырып, добушун алууга аракет кылат. Ага чейин шайлоого талапкерлерди каттоо жараянындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын элеги бир катар окуялар менен коштолуп, талкууларды жараткан учурлар болду. Бул жолку шайлоо кампаниясы кандай өтүп жатат, саясий өнөктүктүн мүнөзү кандай болууда? Дегеле Кыргызстанга кандай парламент керек? Бул суроолорду “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга көз карандысыз журналист Акчолпон Койчиева, БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов, окумуштуу Венера Сайпидин жана жарандык активист Адил Турдукулов катышат.