Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Орусияда өспүрүмдөр диверсия аракеттери үчүн өмүр бою эркинен ажыратылат


Орусиянын президенти Владимир Путин өспүрүмдөрдү диверсиялык аракеттерге үндөгөн жана терроризмге көмөк көрсөткөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратууну караган мыйзамга кол койду. Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.

Мыйзам менен Кылмыш кодексиндеги диверсия аракеттерине колдоо көрсөтүү беренеси кеңейтилди. Эми ал жашы жете электерди диверсияга шыкактоо, азгыруу же жазалоо жобосу камтылган.

Мындан сырткары мыйзамда диверсия үчүн жазага тартуу курагы дагы 16дан 14кө түшүрүлгөн.

Жаңы мыйзам ушул багыттагы бардык кылмыштар үчүн эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарат жана диверсиялык уюмга катышкандыгы үчүн жазаны шарттуу колдонууга тыюу салат, саботаж үчүн соттолгондор жаза мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүн өтөмөйүнчө шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арыз берүү мүмкүнчүлүгүн алып салат.

Мамлекеттик Думанын башчысы Вячеслав Володиндин айтымында, мыйзам чет элдик атайын кызмттардын таасиринен, тыңчылыктан "өсүп келаткан муунду коргоо" жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган.

"Первый отдел" укук коргоо долбоору буга чейин бийлик батареялык шкафтарды өрттөө, станцияларга жана темир жол терминалдарына кол салууларды, поезд өрттөгөндөрдү диверсия катары классификациялаганын белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG