Түркстан облусуна караштуу Жетысай районунун Алгабас айылында 18-ноябрдын таңында эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 12 киши каза болду. Алардын тогузу балдар.
"Азаттыктын" казак кызматы өрт өчүрүүчүлөр келген учурда үй толугу менен күйүп жатканын жазды. Куткаруучулар эс-учун жоготкон үч кишини алып чыгып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Калгандарын куткарууга мүмкүн болгон жок. Үйдүн ичинен 12 кишинин сөөгү табылган.
Кошуналар бир күн мурда ал жерде үй-бүлөлүк майрам болуп, конок тосушканын айтып беришти. Ошондуктан ал үйдө күндөгүдөн көп киши болгон. 360 чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлдү. Жеринде бардык ыкчам кызматтар иштеп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын себептерин, тилсиз жоо эмнеден чыкканын аныктап жатат. Полиция өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоду.
Шерине