Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Газа боюнча АКШ президенти Дональд Трамптын сунушунун негизинде иштелип чыккан тынчтык планына байланыштуу резолюцияны жактырды.
АКШ сунуштаган резолюцияда бир нече араб өлкөлөрүнүн аскерлеринен турган Эл аралык турукташтыруучу күчтөрдү түзүү каралат. Ошондой эле аймакты убактылуу башкаруучу, Дональд Трамп жетекчилик кылган "Тынчтык кеңеши" түзүлөрү айтылат. Резолюцияда бир катар алдын ала шарттар аткарылган учурда палестин мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгү да белгиленген.
Резолюцияны Коопсуздук кеңешинин 13 мүчөсү колдоп, Орусия жана Кытай "калыс" добуш берген. Бул Дональд Трамптын администрациясы үчүн олуттуу дипломатиялык жеңиш катары бааланууда.
"Бул тарыхый мааниге ээ учур", — деп жазды АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына. Резолюцияны талкуулоо учурунда араб өлкөлөрүнүн жана БУУдагы Алжирдин өкүлү Амар Бенжама президент Трампка Газа аймагында тынчтык орнотуудагы ролу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Палестин мамлекетин түзбөй, Жакынкы Чыгышта адилеттүү тынчтык орнотуу мүмкүн эместигин белгилеген.
Орусиянын позициясынан улам резолюциянын жактырылышы күмөн жараткан. Мунун алдында Орусия палестин мамлекетин түзүү боюнча өзүнүн вариантын сунуштаган. Бирок резолюциянын америкалык вариантын араб жана мусулман өлкөлөрүнүн колдоосу анын ийгилигин алдын ала аныктады.
Резолюцияга ылайык, эл аралык контингент Газа тилкесин демилитаризациялоо, куралдуу топтордон курал-жарактарды конфискациялоо, Газада коопсуздукту камсыздоо жана чек араларды коргоо милдетин алат. Дүйшөмбү күнү палестиналык АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу резолюцияны сынга алып, эл аралык контингент аны куралсыздандырууга аракет кылса, бейтарап күч болбой, “оккупация тарапта” болорун жарыялады.
Резолюция Эл аралык стабилдештирүү күчтөрүнө өз миссиясын аткаруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө ыйгарым укук берет, буга курал колдонуу ыктымалдыгы дагы кирет. Газа эл аралык контингенттин көзөмөлүнө алынгандан кийин Израил армиясы чыгып кетет.
Шерине