17-ноябрда Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү тармагын колдоо жана Орусиянын рыногуна Кыргызстанда тигилген кийимдерди жеткирүү маселелери талкууланды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында соңку кризиске Орусиянын тийиштүү органдары көзөмөлдү күчөткөнү себеп болгону айтылды.
Бизнес өкүлдөрү тармактын ишканалары туш болгон тоскоолдуктарды белгилеп, аларды жоюу боюнча кызматташууга даяр экенин белгилешти. Талкуунун жыйынтыгында Экономика жана коммерция министрлигине тигүү өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган сунуштардын комплексин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү ички рынокто да, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн алкагында да колдоо боюнча чаралар талкууланды.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков министрлик секторду узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган тең салмактуу жана натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн бизнес коомчулук менен системалуу ишти улантаарын белгиледи.
Кыргызстандык ишкерлердин товарларын Орусияга жеткирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканы маалыматта айтылган эмес.
Орусия Казакстан аркылуу өткөн жүктү текшерүүнү күчөтүп, кыргызстандык ишкерлердин товарлары чек арада кармалып жатат. Тигүү тармагындагы ишкерлер миллиондогон чыгымга учурап, цехтерде иш токтоп, жумушчулар кыйынчылыкка туш болууда. Экономисттер бул көйгөйдү Евразия экономикалык комиссиясында талкуулоо зарыл экенин белгилеп, кыргыз өкмөтүнө жардам сурап кайрылган.
Орус тарап Казакстан аркылуу контрабандалык товар ташыгандарды чектеш үчүн текшерүү күчөтүлгөнүн билдирүүдө. (КЕ)
Шерине