Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилген талаптарын сактоо максатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда жер-жерлерде көчмө жыйындар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкерлерге белгиленген эрежелерди сактоо жана эт азыктарынын бааларын жасалма көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди. Бааларды жасалма түрдө көтөрүү жана киргизилген талаптарга баш ийбеген учурлар аныкталса, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылары айтылды.
Министрлер кабинети 2025-жылдын 11-августунан тартып азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык эттин 1 килограммы 790 сомдон ашпашы керек.
11-ноябрда Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узарткан.
Мекеме мындай чечим эттин баасынын көтөрүлүшүнүн, алып-сатарлык иштердин алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү өнүмдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын кабарлаган.
Алгач өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленген.
Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган. (КЕ)
УКМК эт азыктарынын баасын көтөргөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти
Шерине