Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:13
Дүйнө Азаттыктын назарында
Жаңы жылдын ак кар жамынган алгачкы аптасы
6-Январь, 2025
1
Орусия. Сибирдин Якутск аймагы. Жаңы жылдык жөө жарыштын катышуучулары старт алдында балаты жанына чогулууда.
2
Ооганстандын борбору Кабул шаары. Быйылкы кышта биринчи жолу калың кар жааган күн. Паранжа кийген ооган аял көчөдө кайыр сурап отурат.
3
Украинанын борбор калаасы Киев. Жаңы жылдын алгачкы күнү. Орусиянын согуштук дрону тийген үй жактан каптаган түтүн.
4
Пакистан. Карачи шаарынын көчөлөрүнүн биринде шыйрак (жергиликтүүлөр жакшы көрүп жеген популярдуу азык) куйкалап саткан киши.
5
Грузиянын борбор калаасы Тбилиси. Рождество жана Жаңы жыл майрамдарын белгилөө күндөрү.
6
Орусия жана Украина ортосундагы туткун айырбаштоо жараяндарынын бири. Украиналык аскердин туткундан бошонгондон кийин жубайы менен алгачкы жолугушуусу.
7
Украинанын Чернигов шаары. Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин үйү талкаланган жергиликтүү тургун.
8
Черногория. Цетине шаары. Жаңы жылдын биринчи күнүндө куралдуу кол салуудан каза тапкан 12 кишини эскерүү.
9
Молдованын жикчил Приднестровье аймагынын Тирасполь шаары. 1-январдан тартып Орусиянын Молдовага жаратылыш газ берүүсү токтоду. Адамдар үйүн электр жылыткычтар менен жылытууда. Газ менен иштеген айрым ишканалар жабык турат.
10
Черногориянын Цетине шаарынын куралдуу кол салуудан мерт кеткен тургундарынын жакындары эскерүү иш-чарасында.
11
Украинанын борбор калаасы Киев. Согушта курман болгон украин аскерин акыркы сапарга узатуу учуру.
12
Австралиянын Брисбен шаарында өткөн эл аралык теннис турниринде беларус спортчусу Арина Соболенко орусиялык Полина Кудерметованы жеңип, финалдык беттеште кыз-келиндер арасында жеңүүчү болду.
13
Румыния жана Болгария 1-январдан тартып Шенген визасыз аймагына толук мүчө болуп кирди. Эки өлкө ортосундагы чек ара бекети. Румыниянын Журжу шаарынын аймагы.
14
Орусия. Москва. Росгвардия кызматкерлери Кызыл аянтта күзөттө. Жаңы жылды майрамдоо күндөрү.
15
Түндүк Македониянын борбор калаасы Скопье. Шаарды каптаган ыштан коргонуп, оозу-мурдун жоолугу менен жаап алган аял.
Жаңы жылдын ак кар жамынган алгачкы аптасы
XS
SM
MD
LG