Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Киев облусунда бир киши набыт болду, бир нече адам жараат алды


Украина: Курахово шаарына чабуул күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Украина: Курахово шаарына чабуул күчөдү

3-январга караган түнү Киев облусунда Орусиянын чабуулунан бир киши набыт болуп, бир нече адам жараат алды. Орус армиясы Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. DeepState долбоорунун картасы Курахово шаарынын батыш ыптасында салгылашуу жүрүп жатканын көрсөтүп турат.

Өткөн түнкү чабуулдан Киев облусунун айрым райондору жабыркады. Бир кишинин өмүрү кыйылып, төрт адам жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы 26 жаштагы жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу набыт болгонун тактады.

Белоцерковск районунда төрт үй, дагы бир чарбалык курулуш талкаланганы кабарланды. Үйлөрдүн биринде өрт тутанып, үч киши жабыркаган. Бул тууралуу Киев облусунун админстрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Телеграм каналына жазды:

"Украинанын Коргоо күчтөрү Киевге жакындаган душмандын учкучсуз учактарынын көбүн жок кылды, бирок Голосеевск жана Дарницк райондору урандыга толду. Бактыга жараша, олуттуу каргашанын алдын ала алдык".

Сумы облусунда соккудан карапайым тургундар жашаган райондор жабыркады. Жалпысынан кечээги түнү орус күчтөрү Украинага жүзгө жакын дрон менен чабуул койгон. Украин армиясынын аба күчтөрүнүн маалыматында алардын 60ка чукулу атып түшүрүлгөн.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы ушул эле түнү Орусиянын армиясы Донецк облусундагы Краматорск шаарын аткылаганда төрт кабат турак жайдын талкаланганын билдирди.

Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, бир сутка ичинде орус аскерлери аймактын калктуу аймактарын 10 жолу аткылаган. «167 адам, анын ичинде 16 бала фронттон эвакуацияланды», - деп жазды.

Курахово үчүн кармаш

Бир күн мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өткөнүн билдирген.

Курахово - Украинанын Донецк облусунун батыш бөлүгүндөгү коргонуу чептеринин бири.

DeepState долбоорунун маалыматына караганда, орус аскерлери Курахово шаарынын турак жайлар жайгашкан чыгыш ыптасын ээледи. Шаардын батыш бөлүгүндө салгылаш жүрүп жатат.

DeepState картасы. 2-январь, 2025-жыл.
DeepState картасы. 2-январь, 2025-жыл.

Шевченко – Кураховонун түндүк-батышындагы кыштак, ал жакта да орус аскерлеринин кыймылы байкалууда.

Украин президенти Владимир Зеленский 2-январдагы кайрылуусунда Покровск жана Курахово багыттарында кырдаал кыйын экенин ырастады.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

"31-декабрда да, 1-январда да - күн сайын Орусия тараптан Донецк облусуна тынымсыз чабуул болду. Покровск, Курахово жана Лиман, Времивск багыттарында абал оор бойдон экенине бир сткадан ашты. Херсонду коргоо талкууланды. Курск облусунда биздин аскерлер өз турумдарын коргоодо, орустар суткасына 30дан ашуун чабуул коюп жатат".

Башкы штабдын маалыматына ылайык, орус аскерлери Кураховонун батышындагы Константинополь кыштагына жакындады. Алар Великая Новоселка айылын алууга аракет көрүп, маанилүү логистикалык борбор саналган Покровск шаарына чабуулун улантууда. Покровскинин чыгышындагы Воздвиженка айылында да каршы тарап алдыга жылууда.

Орусиялык Телеграм каналдар жаңы жыл алдында орус аскерлери Курахово шаарынын чыгыш бөлүгүндө өз желегин көтөрүшкөнүн кабарлашкан.

Украиналык аскер блогери Богдан Мирошников 1-январдын кечинде Курахово үчүн күрөш уланып жатканын, ТЭЦтин аймагына орусиялыктардын чалгындоо топтору гана кирип жатканын Телеграм каналына жазган.

Украинага байма-бай каттап жүргөн польшалык аскерий аналитик Конрад Музиктин айтымында, Украинанын мобилизацияга байланыштуу узактан берки көйгөйлөрү Кураховонун коргонуусунан көрүнүп турат.

"Украина аскерлери аздыгынын улам Орусиянын илгерилөөсүн токтотуу үчүн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жатат. Бул өз учурунда украиндердин контрчабуулдарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн дагы чектейт", - деп жазган ал X баракчасына.

Курахово, фронт.
Курахово, фронт.

Киевдик аскерий аналитик Михаил Жирохов болсо "Кураховону коргоодо украин армиясы алсыз" деген пикирде:

"Алар саясий себептерден улам гана шаарды коргоону улантып жатышат. Орусиянын бул шаардын басып алышы украин бийлигине болгон элдин ишенимин бир топ төмөндөтөт".

Орусиянын Коргоо министрлиги 3-январга караган түнү 22 украин пилотсуз учагы Орусиянын алты аймагында, анын ичинде Украинанын чек араларынан алыскы аймактарда атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Министрликтин социалдык тармактардагы кыскача билдирүүсүндө Брянск облусунун үстүнөн 10, Орел жана Ростов облустарынын үстүнөн төрт, Белгород облусунун үстүнөн эки, Волгоград жана Липецк облустарынын үстүнөн бирден учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнү айтылат.

Воронеж облусунда алардын чабуулунан эки ишкананын иши үзгүлтүккө учураганы белгилүү болду. "Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Пилотсуз учактар кулаганда эки ишкананын имараттары зыянга учураган. Учурда "Тез жардам" кызматы жеринде иштеп жатат" деп Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев өз баракчасына жазды.

Согуш маалында журналисттер эки тараптын тең маалыматтарын коз карандысыз булактардан текшере албай турганын эске салабыз.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG