Анткен менен Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттин айтымында, согушкерлер өз өлкөсүндө революция жасашы мүмкүн эмес.
Reuters жана France-Presse агенттиктери Сириядагы өз булактарына таянып жазганына караганда, расмий кызматка отурган чет элдиктердин арасында Түндүк Македониядан барган этникалык албан, Тажикстандын жараны жана кытайлык үч уйгур бар.
Үч чет элдик согушкерге генерал, дагы үчөөнө полковник наамы ыйгарылган. Бул маалыматтын чын-төгүнүн "Азаттык" көз каранды эмес булактардан тактай алган жок.
Абу Катада ал-Албани деген лакап ысым менен таанымал Македонияда төрөлүп өскөн Абдул Самрез Жашари полковник наамын алган.
48 жаштагы Жашари этникалык албандардан турган "Жемати Албан" аскердик тобун жетектейт. Ал уюм Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асаддын бийлигин кулаткан "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп жарыялаган) менен тыгыз байланышта болуп келет.
Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги 2016-жылы Жашарини террорчу деп тааныган.
Полковник наамына ээ болгон дагы бир чет элдик — тажикстандык согушкер.
"Хайят Тахрир аш-Шамга" жакын тажикстандык блогерлер ал Сайфиддин Тажибаев экенин аныкташты.
"Азаттык" ал жаңы кызматка дайындалганы жана майордон полковник наамына чейин көтөрүлгөнү тууралуу кабарлардын чын-төгүнүн аныктай алган жок.
"Озоди" радиосу Тажикстандын күч структураларындагы ысымын атагысы келбеген булагына таянып 5-январда жазгандай, өлкө бийлиги Тажибаевдин жаңы кызматка дайындалышынан кабардар.
41 жаштагы Тажибаев Тажикстанда "жалданмачылык, чет жактагы куралдуу согушка катышуу, террордук уюмдарга мүчө болуу жана террордук уюмдарга согушкерлерди азгырууга" айыпталып, ага издөө жарыяланган.
Тажикстан Улуттук банкынын сайтында Сайфиддин Тажибаев террорчулук менен байланышы бар адамдардын тизмесине киргизилген. Бул адамдар менен акчалай байланышка барууга тыюу салынган.
"Тажибаев 2013-жылдан бери агасы менен Сирияда. Ал террордук топтордун катарында согушуп жүргөн. Ал топтун катарына башкаларды да азгырган. Ага иш козголуп, издөө жарыяланган", - деди "Озоди" радиосунун Дүйшөмбүдөгү булагы.
Тажибаев Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү эле. Бир кезде өлкөдө абдан популярдуу болгон бул кыймылга расмий Дүйшөмбү 2015-жылы тыюу салып, аны "террордук" уюмдардын тизмесине киргизген.
Партия террордук тууралуу айыптарды четке кагып келет. Тажибаев 2012-жылы аталган партиянын Тажикстандын түндүгүндөгү Спитамен районундагы бөлүмүн бир аз убакыт жетектеп турган. Ал кызматтан кеткен соң партиянын саясатын сындап чыккан.
Сириядагы бийликке келген "Хайят Тахрир аш-Шам" чет элдик жарандардын жаңы кызматка дайындалышы тууралуу эч кандай комментарий бере элек. Бул уюм өзүнө ыктаган согушкерлерден кесипкөй армия түзүү аракетин көрүп келет.
"Хайят Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун курамында Борбор Азиядан, Орусиядан жана Балкан аймагынан барган согушкерлер абдан көп. Алардын көбү Сирияга өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук тобу 2014-жылы Сирия менен Ирактын өз көзөмөлүнө алган аймактарында халифат жарыялаган соң барышкан.
Согушкерлердин мекениндеги тынчсыздануу
Сириядагы согушкерлерди мекенинде өлкөнүн туруктуулугуна жана улуттук коопсуздугуна потенциалдуу коркунуч катары кабыл алышат.
2024-жылдын декабрь айында социалдык тармактарда Сириядагы тажик согушкерлери чагылдырылган видеолор тараганда Дүйшөмбүдөгү коопсуздук күчтөрүнө жакын булактардын бири тажик бийлиги бул боюнча тынчсызданып жатканын билдирген.
"Алар Тажикстанга бир күнү кайтып, бул жакта олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн", - деди ысымын атагысы келбеген "Озодинин" булагы. Ал Сириядагы согушкерлерди кийин ишке келтирилчү бомбага салыштырган.
Соңку жылдары Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери Ирак менен Сириядан жүздөгөн жарандарын чыгарып кеткен. Алардын көбү "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында куралдуу кармаштарга катышкан согушкерлердин аялдары жана балдары.
Айрымдар кээ бир өлкөнүн өкмөттөрү жарыялаган мунапыстан пайдаланып, өз ыктыяры менен кайтып келишкен. Эксперттердин пикиринде, Сирияда согушуп жүргөн дагы миңдеген чет өлкөлүк бар болушу мүмкүн.
Алардын мекенинде бийлик өкүлдөрү согушкерлер "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмунун идеологиясын жайылтып же ислам төңкөрүшүн уюштуруп жибериши мүмкүн деп кооптонушат.
"Саясий жихадизмдин доору: "Хайят Тахрир аш-Шамды" иликтөө" китебинин автору Аарон Зелиндин пикиринде, чет элдик согушкерлердин Сирия армиясындагы жогорку даражалуу кызматтарга дайындалышы Ахмед ал Шараа (Абу Мухаммед ал Жулани) башында турган Сириянын жаңы бийлиги өлкөдөн тышкары аймактар боюнча кандайдыр бир пландарды көздөйт дегенди билдирбейт.
Ал мындай ою менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна бөлүштү. Эксперт белгилегендей, Шараа Сириядагы канча бир убакыт жашап, Асадга каршы күрөштө "Хайят Тахрир аш-Шамды" колдогон чет элдиктерге жарандык берүүнү убада кылган.
"Жулани аларды акырындан интеграция кылып, сириялыкка айлантууну көздөп жатат. Алар "фриланста" жүрө бербей, аралашып, "Хайят Тахрир аш-Шамдагы" жаңы ролуна сиңип кеткени жакшы", - дейт Аарон.
Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр 8-декабрда козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон.