Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Пакистан: Антитеррордук операциялар калктын көкөйүнө көк таштай тийди


Пакистан менен Ооганстандын чек арасында согушкерлерге каршы өкмөттүн аскердик операциясы өтүп жаткан жерден качып чыккан үй-бүлө.
Пакистан менен Ооганстандын чек арасында согушкерлерге каршы өкмөттүн аскердик операциясы өтүп жаткан жерден качып чыккан үй-бүлө.

Пакистандын түндүк-батышында "Техрик-и Талибан Пакистан" (ТТП) экстремисттик тобу эски эрежелерди орнотуунун аракетин көрүп, элди талап-тоноп, музыкага тыюу салып, кыздар окуган бир катар мектептерди жапты. Эмне үчүн жергиликтүү эл өкмөттүн террорго каршы аскердик операциясына каршы?

Пакистандын түндүк-батышындагы ишкер Санаулла Исламабад өлкөдө өсүп жаткан террор толкунун токтотуу үчүн маанилүү деп санаган жаңы аскердик операцияга каршы.

Ал Миран Шах шаарындагы жергиликтүү соода уюмун жетектейт. Миран Шах Ооганстан менен чектешкен Хайбер Пахтунхва аймагынын түндүк-батышындагы тоолуу Түндүк Вазиристан районунун административдик борбору.

Санаулла үчүн мурдагы аскердик операция трагедиялуу болду. 2014-жылы пакистандык аскерлер Түндүк Вазиристанда жашынган делген миңдеген согушкерди жок кылуу үчүн “Зарб-е Азаб” операциясын баштаганда ал өзүнүн азык-түлүк дүкөнүнөн, үйүнөн айрылып калган.

“Бул террорчуларга каршы операция эмес эле биздин ишти, үй-жайыбызды тоноонун жолу болгон”, - дейт Санаулла.

Саннаула аны жана башка Түндүк Вазиристандын жүз миңдеген тургунун коңшу Банну аймагына күч менен көчүрүлгөндөн эки айдан соң, 2014-жылдын августунда Миран Шахка кайтып келген учур дагы деле эсинде.

“Менин дүкөнүм жер менен жексен болуптур. Үйүм да кыйраган”, - дейт ал.

Аскерлер кыйроолорго аскердик аракеттер себеп болгонун айтып келишет. Бирок жергиликтүүлөр алардын үй-жайына сокку жерден же абадан жасалганын так билишпейт. Талап-тоноодон соң жөн гана түрттүрүп салган деле болушу ыктымал деп шектенишет.

Жарыбаган кенемте

10 жылдан соң Санаулла бизнесин кайра башынан түптөдү. Бирок бул оңой болгон жок. Анын жүз миң доллардан ашкан чыгымы үчүн 5000 доллар кенемте берилген.

“Биз террорчуларга каршыбыз. Бирок пландалган операция кайра эле бизди тонойбу деп коркобуз”, - дейт ишкер.

Санаулла мындай пикирди карманган жалгыз киши эмес. Хайбер Пахтунхвадагы көптөгөн саясий партиялар, ишкерлер, уруу башчылары жана активисттер федералдык бийлик быйыл 22-июнда бекиткен “Азм-е-Истехкам” (Azm-e-Istehkam) операциясына каршылык билдирип жатышат.

2003-жылдан бери террорчулардын чабуулунан жана контртеррордук аскердик операциялардан Пакистандын 80 миңден ашуун жай тургуну, аскерлери жана согушкерлер ажал тапкан. Каза таап же жаракат алгандардын басымдуу бөлүгүн Хайбер Пахтунхвадагы этностук пуштундар түзөт. Мындай аскердик аракеттер алты миллиондон ашуун пуштунду жер которууга аргасыз кылды. Дагы миңдеген адам дайынсыз жоголду.

Быйыл 3-июлда Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө ондогон адам бийликтен кезектеги ири антитеррордук операцияны баштабоону талап кылып чогулду.
Быйыл 3-июлда Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө ондогон адам бийликтен кезектеги ири антитеррордук операцияны баштабоону талап кылып чогулду.

Пакистандын оппозициялык "Техрик-е Инсаф" (PTI) партиясы башында турган Хайбер Пахтунхванын жергиликтүү бийлиги да бул жаңы аскердик операцияга каршы болуп, саясатчыларды жана уруу башчыларын оппозициянын алдында чогултууга аракет кылууда.

2003-жылдан 2014-жылга чейинки Пакистандагы контртеррористтик операциялар АКШ башында турган терроризмге каршы глобалдык согушка байланыштуу болгон. Ал Вашингтон менен Пакистан аскерин "Ал-Каидага" жана пакистандык топторго каршы бириктирди. Исламабад жалпысынан ооган талибдерине ырайымдык кылган.

АКШнын антитеррордук максатын колдоонун ордуна Пакистан саясатчылары соңку операцияны Исламабаддын "мультимиллион долларлык Кытай инвестициясын коргоо аракети" деп атады. Пакистан расмийлери июнда Кытайга барганда Бээжин Исламабаддан өз долбоорлорунун коопсуздугун камсыздоону жогорулатуу зарылдыгын кайталаган эле.

2014-жылы Бээжин “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында өлкөнүн батышындагы Шинжаң аймагын Пакистандын түштүгүндөгү Аравия деңизиндеги Гвадар порту менен байланыштыруу боюнча дымактуу долбоорун сунуштаган.

Бирок 2018-жылдан бери коопсуздук маселелери, саясий толкундоолор жана экономиканын төмөндөшү Кытай-Пакистан экономикалык коридору (CPEC) деп аталган, баасы 62 миллиард доллардан ашуун инвестициялык демилгени жайлатып койду.

Эми Кытай бул долбоорду кайра жандантуудан жана жаңы инвестициялар үчүн жоопкерчилик алуудан мурун өзүнүн миңдеген жумушчуларынын коопсуздугун ишенимдүү камсыздап берүүнү талап кылууда.

2004-жылдан бери Вашингтон террордук уюм деп тааныган «Техрик-и Талибан Пакистан» радикал исламчыл тобу, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ооган бөлүгү болгон “Ислам мамлекети-Хорасан” жана светтик этностук Балуч сепаратисттери кытай жумушчуларына кол салып, ондогон адамды өлтүрүп келген. Май айында жан кечти террористтин чабуулда Хайбер Пахтунхвадагы беш кытай жумушчусу каза тапкан.

Хайбер Пахтунхвадагы Түштүк Вазиристан аймагынын саясий активисти Аламзаиб Хан Мехсуд Исламабаддын контртеррордук операциялары терроризмге каршы күрөшкө эмес, негизинен пайда табууга багытталган деп эсептейт.

Түндүк Вазиристандагы аскердик аракеттерден качкан жай тургундар. 2014-ж.
Түндүк Вазиристандагы аскердик аракеттерден качкан жай тургундар. 2014-ж.

Мехсуд баштаган бир катар сынчылар Исламабаддын терроризм менен күрөшү эл көрсүн үчүн жасалган контртеррордук операциялар аркылуу каржылык жардам алууга багытталганын айтышат. Пакистан 2001-2021-жылдары Вашингтондон 20 миллиард долларлык аскердик жана жарандык жардам алган. Бирок согушкерлердин негизги уюмдарын жок кыла алган эмес.

“Мезгил алмашканы менен бийликтин терроризм менен күрөшкө жасаган мамилеси өзгөрүүсүз калды. Адамдар кезектеги жаңы операциялар согушерлерди жок кылбайт, бирок жергиликтүү тургандарга зыянын тийгизет деп кооптонушат”, - дейт ал.

Күчөгөн сын

Быйыл буга чейин Аламзаиб Хан Мехсуд аскер операцияларындагы жоготуулары үчүн компенсация сурап, Исламабадга барган Мехсуд уруусунун башчыларынын делегациясын коштоду. 2009-жылдагы ири аскердик операция Мехсуд уруусундагы 500 миңдей адамды Түштүк Вазиристандан алты жылдан ашуун убакытка чыгып кетүүгө аргасыз кылган.

“Бизди угушту, аткаминерлер жардам берүүгө убада беришти, бирок конкреттүү көмөк болгон жок”, - деди ал.

Улам күчөп бараткан сын-пикирлерден улам Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф билдирүү жасоого мажбур болуп, жаңы операциялар массалык көчүрүүлөрдү талап кылбашын, бир канча максаттуу рейдден гана турарын айтты.

Быйыл 21-июнда Пакистандын түндүк-батышындагы Баннунун аксакалдары бийликтен шаардагы жана ага жакын жерлердеги коопсуздукту камсыздоону талап кылып чогулушту.
Быйыл 21-июнда Пакистандын түндүк-батышындагы Баннунун аксакалдары бийликтен шаардагы жана ага жакын жерлердеги коопсуздукту камсыздоону талап кылып чогулушту.

“Чалгын маалыматтарын караганда, “Азм-е-Истехкам” [операциясы] өлкөдөгү экстремизмди чечкиндүү түрдө түп-тамыры менен жок кылуу үчүн көбүрөөк куралдуу операцияларды мобилизациялайт”, – деди премьер-министрдин кеңсеси 22-июнда.

1-июлда пакистандык аскерлер Хайбер Пахтунхвадагы эки өзүнчө операциянын жүрүшүндө тогуз “террорчу” өлтүрүлгөнүн жана “өлкөдө терроризм коркунучун жок кылууну көздөрүн” кабарлады.

Ооганстандагы жана Пакистандагы согушкерлер тобуна көз салып турган “Хорасан күндөлүгү” сайтынын директору Ихсанулла Типу Мехсуд жаңы операцияга каршылыкты “мурда-кийин болбогон” көрүнүш катары баалады.

Ихсанулла Типу Мехсуд (Аламзаиба Хана Мехсуд менен тууганчылыгы жок) айткандай, мурдагы аскер операциялары Хайбер Пахтунхванын тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийген.

“Контртеррордук операциялар маселесине келгенде эл менен мамлекеттин ортосунда ишеним кылдын учунда. Жарандар чоң чыгымга учураганы менен, согушкерлер дайыма тирүү калчу”.

Ал арада Миран Шахтагы ишкер Санаулла Түндүк Вазиристандын тургундары өз мекенинде дагы бир аскер операциясына жол бербей турганын айтууда.

“Алар кезектеги операциясын бизге таңуулагандан мурун бизди жок кылышы керек болот”, – деди ал.

XS
SM
MD
LG