Арзан желим материалдын көптүгү дүйнө жүзүн пластик таштандынын алдында калуу коркунучуна кептеди. Кургакта гана эмес океанда үйүлгөн желим дөбөлөр пайда болду. Дүйнөлүк көйгөй Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Бүгүн желим баштыкты жана буюмдарды ар бир айылдан көрүүгө болот.
Рембрандт колдонгон ачык түстүү боёктун сыры табылды. Евробиримдик пластик таштандыларга согуш жарыялайт. Эмне үчүн кээ бир кишилер түндө үкүдөй болуп уктабайт?
Кытайлык уюмдардын бири орус бийлигине Алтайдан Кытайга суу жеткирүүчү куурдун курулушун колдоону суранып, кайрылуу жөнөттү.
Эмне үчүн кээ бир түштүк америкалыктардын жүзү агыш тартып турат? Метродогу тыгынды кыскартууга багытталган Токиодогу саамалык. Таза суунун фильтри бактерияны пайдаланып жасалды. Коркуратма же кальяндын зыяны чылымдан да жаман.
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт.
Жогорку Кеңеште Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору талаш-тартыш жаратып, бир нече жылдан бери колдоо таппай келет. Демилгечилердин бири Эмил Токтошев жаңы сунуштап жаткан мыйзам долбоору жөнүндө айтып берди.
Ошто болсо аңчылар жаратылышка зыяныбызга караганда пайдабыз көп кийип жатат деп ишендирип келишет. Маселен, Ош-Баткен мергенчилер коому жыл сайын кийиктерге туз жеткирүү, канаттууларга жем чачуу, көлмөлөргө балыктын уругун таштоо сыяктуу иштерди такай аткарып келатканын айтышат.
Ысык-Көл дубанында карышкыр күч болуп, мал-жандыкка кол салып, материалдык чыгымга алып келип жатат. Ошондуктан, азыр облустук аңчылык департаментинин өкүлдөрү жергиликтүү мергенчилер менен чогуу карышкыр менен чөөгө аң уулап жатышат.
Жалал-Абадда ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынганы менен, иш жүзүндө мораторий иштебей жатканын адистер айтышат. Мындан сырткары карышкыр жана чөө сыяктуу жырткыч жаныбарларды атууга бөлүнгөн каражат да мергенчилерге жетпейт.
Баткен облусунда миңге жакын атайын уруксаты бар мергенчи катталган. Алардын аракетин аңчылыкты көзөмөлдөөчү болгону он адис бар. Аңчылыкка кызыккандар мыйзамдан чыкпасын деп түшүндүрүү чаралары тынымсыз жүрөт.
Нарында жапайы аңчылыкка чыккан карапайым эл азайды. Ошол эле убакта кызматына таянып, кайберен атууну кумар кылгандардын катары көбөйүүдө. Айрыкча чет элдик аңчылар кайберендерге зыян келтирип жатат деген жергиликтүүлөр көзөмөлдүн начардыгына кабатыр.
Латын америкалыктардын түсү эмнеге агыш болот?
Дагы жүктөңүз