Тажикстандагы Жерге-Тал менен Чоң-Алайдын кызматташтыгын бекемдөөнү аркалаган уюмдун жетекчиси чек арадан өтүү жеңилдеп, ортодо карым-катыш көбөйсө, достук да чыңалат эле деген ишенимде. Кыргызча суудай сүйлөгөн Абдували Пирназаров мырзанын Жерге-Талдын Жайылган айылындагы кеңсесине Жаңыл Жусупжан баш бакты.
Тажикстандын түштүгүндөгү Шаар-Туз айылына өткөн кылымдын 50-жылдары Жерге-Тал районунан кыргыздар көчүрүлгөн. Ысыкка чыдабай, тоолуктардан көп киши набыт болгон.
Тажикстанда бийликтер Жерге-Тал районунун атын өзгөртүүгө киришкени тууралуу кабарланууда. Бул аймак СССР мезгилинде Кыргызстан тарабынан окуу-китеп, мугалим, гезит-журнал менен кaмсыздалып турган. Постсоветтик доордо, согуш мезгилиндеги эң оор кезеңде да кыргыз өкмөтү бул аймакты унутта калтырган
Тажикстанга караган Жерге-Тал районунда кыргыздардын дээрлик баарынын тууган-туушкандары Кыргызстанда. Канча адам менен баарлашсаңыз да, көбү бак-шактуу үй-жайын таштап, баса бергени тургандыгына күбө болосуз.
Мургаб районунда социалдык тармактар аркылуу кыздар алданып калган учурлар жок эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" мургабдык келин айтып берди.
Тажикстандын Жерге-Тал районунун жарандык согуш мезгилиндеги раиси Нусратулло Хасанов ички согушта Кыргызстанга качкан. Кийин тажик парламентинин депутаты болуп, азыр пенсияда. Хасанов аксакалга Жаңыл Жусупжан Дүйшөмбү калаасындагы батиринде жолугуп, ал сүйгөн ырлардан угуп кайтты.
Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы. Мургабдын Ооганстан менен чектеш аймагындагы Корумду жайлоосунда аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.
Чек аралар адамдардын жүрөгүн аралап өтөөрү чын болсо бул Тагайбек Турдукуловго түздөн-түз тийешелүү. Тагайбек аксакал Мургаптын Аличор айылы тарапта туулуп өскөн, чоң aта, чоң энеси, кара чечекей эжеси менен ооган тарапта калган. Аксакал менен Памирдин Корумду жайлоосунда Жаңыл Жусупжан баарлашты.
Кезегинде Токтогул "Кербезим" деген чыгармасында ырга салган Сибирдеги түрмө системасын Сталин кийин зор масштабга жеткирген.
Ырчы Латофаттын сырдуу, муңдуу, ырдуу маегин Жерге-Талда Жаңыл Жусупжан жаздырып алды.
Ооган кыргыздары Рахманкул хан баш болуп китеп окушкан жана мамлекеттик карым-катнаш жүргүзүшкөн.
Дагы жүктөңүз