Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:20

Орус аскерлери жакындаганы Покровск шаарынан балдар эвакуацияланды


Покровск шаарынын тургундарын эвакуациялоо. Донецк, 19-январь 2025-жыл
Покровск шаарынын тургундарын эвакуациялоо. Донецк, 19-январь 2025-жыл

Донецк облусундагы Покровск шаарынан бардык балдар эвакуацияланганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Кабарга караганда, орусиялык аскерлер алга жылып, калаа борборунан 5 километр жерге чейин жетишти.

Согушка чейин Покровканын калкы 380 миң киши болчу. Ушу тапта 10 миндей киши калганын шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Добряк билдирди. Анын айтуусунда, айрым үй-бүлөлөр балдары менен коопсуз жерлерге көчүрүлүп, бирок кайра кайтып келген учурлар болгон. Аларды кайра эвакуациялоого туура келген. Азыр жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн алып кетип жатышат.

Украиналык DeepState аналитикалык борбору орус армиясы Донецк облусунун түштүгүндө алдыга жылып, Времовка айылын көзөмөлгө алганын, Великая Новосёлканы дээрлик толугу менен ээлегенин маалымдады.

Орусиялык согушчул блогерлер Великая Новосёлканын борборунда орус желеги орнотулганын жазышууда. Орусиянын Коргоо министрлиги ал калктуу жай үчүн кармаш уланып жатканын билдирди.

Украин куралдуу күчтөрүнүн «Хортица» оперативдүү-стратегиялык тобунун өкүлү Виктор Трегубов Великая Новосёлка орус аскерлеринин көзөмөлүнө өттү деп айтууга болбосун маалымдады. Ал эми 110-мотобригаданын командачылыгы украин аскерлери ал айылда курчоого алынат деген коркунуч жок экенин Телеграм-каналга жазды.

Ошол эле маалда украин аскерлери Великая Новосёлкадан чегинишкенин, бирок толугу менен ал жактан чыгып кетпегенин маалымдады.

Согуш жүрүп жаткан жерлерден түшкөн маалыматтарды ыкчам түрдө көз карандысыз тараптардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG