Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Экзитпол: Беларустагы президенттик шайлоодо Лукашенко 87,6% добуш алды


Александр Лукашенко Минскиде добуш берди, 26-январь, 2025-жыл.
Александр Лукашенко Минскиде добуш берди, 26-январь, 2025-жыл.

Беларуста жекшембиде президенттик шайлоо өттү. Жергиликтүү саат 15те эле Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендер 75% ашканын айтып, шайлоо өттү деп билдирген. Комиссия шайлоочулардын 40% ага чейинки 5 күндүн ичинде эрте добуш бергенин маалымдаган.

“Азаттыктын” беларус кызматы экзитполдун алдын ала жыйынтыгына таянып, жетинчи жолу жогорку кызмат үчүн ат салышкан Александр Лукашенко 87,6% добуш алганын кабарлады.

Лукашенкодон тышкары бюллетенге дагы 4 талапкердин ысымы киргизилген. Алардын үчөө Лукашенкого лоялдуу саясатчылар.

Добуш берүүгө КМШнын байкоочулары гана көз салды.

Еврошаркет жана Батыштын бир топ өлкөлөрү 2020-жылдагы шайлоодон кийин Лукашенко легитимдүүлүгүн жоготкон деп эсептешет. Өнөктүктүн жыйынтыгы бурмаланганына каршы ири акциялар бир нече айга уланып, алардын катышуучулары аеосуз куугунтукка кабылган. Репрессиялар азыркыга чейин уланып келатат. Бир катар Батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү ал шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

“Азаттыктын” беларус кызматы Венгрия Евробиримдиктин шайлоо боюнча билдирүүсүнүн долбооруна кол коюудан баш тартканын өз булактарына таянып жазды. Андыктан шаркеттин тышкы иштер боюнча комиссары Кая Каллас өз атынан билдирүү жасап, шайлоо эркин жана адилет болбогонун белгиледи жана саясий туткундарды бошотууга чакырды.

Оппозициядагы "Беларустун демократиялык күчтөрү" эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган. Укук коргоочулардын пикиринде, Беларустагы шайлоолор "авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган".

Шайлоо аяктай электе Лукашенко маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдө саясий беренелер менен айыпталгандар жоктугун, "оппозиция саясий туткундар эместигин", аларга кылмыш иштери козголгонун айтты.

26-январда Лукашенконун каршылаштары жана куугунтуктан улам чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон эмигранттар, беларус диаспорасы Европанын Варшава, Вильнюс өңдүү шаарларында шайлоого каршы акцияларды өткөрүштү.

Шерине

XS
SM
MD
LG