28-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда МИСТЕLAND аталышында мисте фестивалы өттү. Иш-чаранын максаты - Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу, өлкөгө инвесторлорду тартуу.
Нарында “Шырдак” фестивалы онунчу ирет өттү. Эл аралык деп айтылган бул иш-чарада 7 облустун уздарынын кол эмгектери көрсөтүлдү. Кыргыз шырдагын дүйнөгө таанытууну көздөгөн бул фестивалга чет өлкөлүк туристтер келгени менен кол өнөрчүлөрдүн соодасы анчейин кызыган жок.
Кара-Булуң айылынын тургундары "Ат-Башыда жашылча бышпайт" деген көз карашты бузушту. Азыр бул айылдагы 30дай аял тамаркага помидор, бадыраң, капуста сыяктуу жашылчанын түрүн айдап, түшүмүн жыйнап жаткан учур.
Турганбүбү Океева Ат-Башынын Босого жайлоосуна туристтер үчүн мейманкана ачып кызмат көрсөтүп жатат. Өзгөчө конок үйлөрдү тоолуктар жаңылык катары кабыл алышууда. Акыркы жылдары Ат-Башыда ички туризм да өнүгө баштады.
Алай районунун Сары-Могол айылында ар бейшемби күнү жайма базар болот. Ал айылдын так ортосунда жайгашып, Ош шаарынан да соодагерлер барышат. Базарда турмуш тиричиликке пайдаланган буюм-тайымдардан тарта азык-түлүккө чейин сатылат.
Ысык-Көлдө Абердин ангус тукумундагы уй багуу күч алды. Мындагы “Рейна-Кенч” дыйкан чарбасы мындан 8 жыл мурун бул уйдун тукумун биринчилерден болуп Кыргызстанга алып келген.
Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. 9-июнда компания кураштырып бүткөн алгачкы жүк ташуучу чакан унааларын кардарларга сунуштады.
34 жаштагы Максат Мусабаев Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында өстүргөн кулпунайды Орусиянын Сургут шаарына сатат. Ал ошондой эле элеттик 30 кишини жумуш менен камсыз кылган. Жай айларында иштеп, жарым миллиондон ашык киреше тапкан ишкер эми кулпунай талааларын кеңейтүүнү максат кылууда.
15 миллион калкы бар Стамбулда орточо эсеп менен айына 400 батир чет өлкөлүктөргө сатылат. Түркиялык серепчилердин айтымында, Европа менен Азияны бириктирген бул шаарда үй алгысы келген чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.
Кыргызстанда азык-түлүк жана башка товарларга болгон баа кескин кымбаттады. Бул жагдай калктын орто жана жакыр жашаган катмарын кыйын абалга кептеди.
Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан Кара-Кой эс алуу жайында эс алуучулардын саны арбын.
Дагы жүктөңүз