Эс алууга келгендердин көбү кыргызстандыктар.
Аптапта барсаң сергиткен Кара-Кой
Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан Кара-Кой эс алуу жайында эс алуучулардын саны арбын.
1
Кара-Койдун салкын абасы, шаркыраган суусу.
2
Эс алуу жайынын жалпы аянты 11872 гектар аянтты түзүп 5 айыл өкмөттүн жайыт жерлери менен чектешкен. Алар Кыргыз-Ата, Зулпуев, Мирмахмудов, Гулистан жана Кара-Таш айыл өкмөттөрү.
3
Эс алуу жайына күнүнө 200-500 киши келет. Аларды жергиликтүү эл тейлейт. Жашоочулар 100дөн ашуун боз үйдү иштетип, акча табышат.
4
Кара-Кой жайлоосунда кара кийик (доңуз), карышкыр, түлкү, кашкулак, кийик, коён сыяктуу жапайы жаныбарлар бар.
5
Эс алуу жайынын так ортосунан мөңгү суусу агып түшөт.
6
Жапайы жаныбарларды атууга жана бак-дарактарды кыюуга тыюу салынган.
7
Жайлоодо.
8
Кара-Койдун мөңгү суусу кол какшаткан муздак. Ичсең чаңкооңду кандырат.
9
Эс алуу жайдагы ички тартип тууралуу эскертүү.
10
Кара-Кой.
11
Кара-Кой эс алуу борборунун кире бериши.
12
Кара-Кой жайлоосу Ош шаарынан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан.
13
Кара-Кой эс алуу жайына бир адамга 30 сомдон, ал эми сырттан келген туристтерге 140 сом акы алынат. Автоунаа менен киргендер үчүн 100 сомдон 200сомго чейин акча төлөнөт.