Мандалактарын сатуудан киреше табууну көздөгөн ишкер Голланд сортундагы жоогазынды бир нече жыл мурун Москвадан алдырган. Ишкердин жоогазын айдыңына кабарчыбыз Медер Ниязалиев барып, тасмага түшүрүп келген.
Бишкектин Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты.
Кыргызстан 2018-жылы чет жакка 16 тоннадан ашык таза алтын экспорттоду.
Жарандык активисттер тобу энергетикадагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюуну талап кылышты.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев картөшкө тогуз сомго чыкканын айтты. Бирок министрдин сөзү менен дыйкандардын абалы коошпойт. Мисалы, картөшкөнүн мекени саналган Кочкордо анын баасы тыйынга да арзыбай, чирип, талаага тонналап ыргытылып жатат.
2019-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сыртка экспорту азайганы байкалды. Былтыр жыл ичинде да бул көрсөткүч дээрлик өскөн эмес эле.
Депутаттар бажыдагы аткезчиликти текшерүү боюнча атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү.
Ала-Бука районунун тургуну Аскаров Искак төрт-беш жыл мурда Орусияда жүрүп тапкан акчасына 200дөй кой сатып алган. Учурда койлордун саны жети жүзгө жетти. Бир короо коюн төрт короо койго жеткирүүнү максат кылган фермердин төл маалындагы кызыктуу жашоосун сунуштайбыз.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылынын тургуну, фермер Марат Жусупов Орусиядан сүт жана эт багытындагы асыл тукум уйларды алып келип, багып жаткан чагы. Сандан сапатка деген фермердин иш-аракети менен кабарчыбыз таанышып келди.
Кыргыз өкмөтү көп жылдан бери эле мамлекеттик мүлктүн толук эсеп-кысабын ала албай жатат.
Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жаңжалы уланууда. Тендерде жеңүүчү болгон литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясынын директорунун кеңешчиси Витаутас Меляускас “Азаттыкка” маек берди.
Кыргызстанда бир катар бизнес-ассоциациялар чылымга каршы мыйзам долбоорун айыптап чыгышты.
Дагы жүктөңүз