Алар бул документ кабыл алынып калса миңдеген ишкерлер жабыр тартаарын, коррупция көбөйөөрүн эскертишүүдө. Аталган мыйзамда социалдык жайлардын 100 метр айланасында чылым сатууга тыюу салуу жана кафе-ресторандарда, коомдук жайларда тамеки чегүүгө толук чектөө коюу сунушталууда.
Бирикмелердин дооматы
«Жарандардын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам долбооруна Кыргызстандын Базарлар, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясы менен Кыргызстандын Рестораторлор жана отельерлер ассоциациясы кескин каршылыгын билдирип чыгышты.
Бирикмелердин жетекчилери жана мүчөлөрү соңку бир айдан бери Бишкекте бир нече басма сөз жыйынын өткөрүп, тамеки чегүүгө каршы мыйзам долбоору зыяндуу адаттарга эмес, ишкерликке каршы багытталганын сынга алышты.
Базарлар, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев мыйзамдагы эң негизги бөлүк - «социалдык жайлардын жана мектептердин айланасында, 100 метрдин ичинде чылым сатууга болбойт» деген чектөө орунсуз экендигин билдирди. Ал муну адам укуктарын бузат деп эсептей турганын айтты:
«Парламенттин мурдагы чакырылышында алкоголго карата ушундай - 100 метрлик чектөө киргизилип жатканда да биз Баш мыйзамда сатууга тыюу салынбаган товарларды жашы жеткен адамдар сатып алууга укуктуу экенин эскерткенбиз. Окуучу ичимдик сатып алгысы келсе, 100 метрден ары барып сатып алышына ал чектөө тоскоолдук кыла албайт болчу. Ошондуктан биз жашы жете электерге ичимдик саткандарга жазаны күчөтүүнү сунуш кылганбыз. Азыр тамекини сатууда да ушундай эле жазаны күчөтүүнү сунуш кылабыз. Бирок билим берүү мекемелеринен 100 метрлик радиуста сатууга тыюу салуу дегенди таптакыр колдобойбуз».
Биз кеп кылып жаткан мыйзамда бул эрежени бузган жеке тараптарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 100 миң сом айыппул салынышы мүмкүн. Бирок Пономарев ушул жазананын өзү да коррупциялык тобокелчиликтерге жол берет деп эсептейт.
«100 миң сомдук айыппул жөнүндө айта турган болсок, тилекке каршы, Кыргызстанда коррупция бар экенин билебиз, - деп түшүндүрдү ал. - Ошондуктан мында текшерүүчү менен сатуучунун ортосунда кандайдыр бир келишимдер болуп кетет деп ойлойбуз. Алар, маселен, тамекиге каршы мыйзам аткарылбаганын көрүп калса, жеринде чечүүгө кызыкчылыгы болот. Эч кимди айыптагым келбейт, бирок бул жерде соодагер азыраак төлөгүсү келет, ал эми текшерүүчү акчаны чөнтөгүнө салып алууга умтулат. Ошондуктан биз бул айыппулдарды көп коюуну коррупциялык тобокелчилик деп эсептейбиз».
Ишкерлердин пикири боюнча тамекиге каршы мыйзам долбоору Кыргызстандын ресторан бизнесин чыгымга учуратат жана ошондой эле аэропорттордо чылым чегүүчү жайларды таба албаган транзиттик жүргүнчүлөргө кыйла ыңгайсыз болот.
Рестораторлор мындай тыюудан эс алуучу жайдын өзгөчөлүгүнө жараша пайданын 10 пайыздан 70% чейин жоготоорун, ал эми бюджет салык түрүндө жыл сайын 270 млн. сом албай калаарын эскертишүүдө.
«Чылым чегүүгө тыюу салуу идеясы бүгүн эле чыга калган нерсе эмес. Толук тыюу биринчи өз бийлигин көрсөткүсү келген жетекчилерге мүнөздүү. Бирок мындай мамиленин зыянын дайыма бизнес тартат», - деди атайын өткөрүлгөн басма сөз жыйындардын биринде Рестораторлор жана отельерлер ассоциациясынын директору Евгений Тян.
Эл аралык ишкерлер кеңеши менен Экспортерлор бирикмесинин өкүлдөрү да чылымга каршы мыйзамга карата ушул сыяктуу позицияда турушат. Алар кошумча мыйзам долбоорундагы эл аралык нормаларга каршы келген бөлүктөрдү, Евразия Экономикалык Биримдигинин техникалык регламентине каршы келген жагдайларды сынга алышууда.
Бул топтордун баары эгер чылымга каршы жаңы мыйзам күчүнө кирсе мамлекет миллиондогон сомдук кирешелерден, салыктан куру калаарын эскертишүүдө.
Мыйзам авторлорунун жүйөсү
Бирок мыйзам долбоорунун авторлору ишкерлердин дооматтарына таптакыр макул эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов алардын айрым маселелер боюнча пикирине кошулуп, бирок мыйзам долбоорунун жалпы мазмуну ошол бойдон кала берерин айтты. Ал мыйзамдын концепциясын түшүндүрдү:
«Мыйзам долбоору эл аралык практиканы жана изилдөөлөрдү карайт да. Атайын топтор «балдар мектептен жүгүрүп чыккан учурда, танаписте беш-он мүнөт гана убактысы болот, ошол учурда көзгө илинген жерден тамеки сатып алышы мүмкүн» дешкен. Бирок биздей чоң шаарларда мектептер да жыш жайгашкандыктан, толук тыюу салууга туура келип калат экен. Ошондуктан биз бул сунушубузду карап көрөбүз. Ал эми айыппулдарга биз категория гана коюп жатабыз. Айыппулдардын чеги атайын кодексте буга чейин эле киргизилип, каралган. Аны коррупциялык тобокелчилик дегенге да кошулбайм. Мыйзамды биз кабыл алган учурда «ушундай болуш керек» деп кабыл алабыз, аны башка бир топтор туура эмес чечмелеп жатса, ошого ыңгайлашканыбыз туура эмес болуп калат».
Депутат Токторов ошондой эле «чылымга карата чектөөлөрдөн улам мамлекет ири өлчөмдө салыктардан айрылат» деген пикирлерге да кошулбайт. Ал салыктар дароо эмес, аз-аздан азайып, бюджетке оорчулук келтирбегидей шартта кемийт деп ишенет.
«Тамекинин баасы көтөрүлүп кетсе, контрабанда күчөп кетет дегенге деле кошулбайм. Аны бир даана тамекиге бир тыйындан акциздик төлөм киргизип жатканыбыз менен байланыштырып жатышат. Биз муну да карап көрүп, чечебиз. Балким алынышы мүмкүн. Эгер ал коюлса, бюджетке кетет, ал сумма кайра тамеки чегүүнүн алдын алуу, ошого байланышкан оорулууларды дарылоого каралмак. Тамеки чегүүгө тыюу салуу менен мамлекеттик бюджетке оорчулук келбейт. Анан бул жерде салык базасы дароо кемибейт, акырындап барып азаят. Азыр эле шарт келерки жылдын бюджетинен же эки-үч жылдык бюджеттен кемип кетпейт. Акырын барып жоюлат, мамлекеттик бюджеттен анын кыскарганы байкалбай да калат», - деди ал.
Алмазбек Токторов мыйзам долбоорун сынга алган ишкерлерди өз кабинетине чакырып, жолугушуу да өткөрдү.
Тамекиге каршы мыйзам долбоорунун дагы бир автору, ишкерлер менен жолугушууга катышып жаткан башка бир депутат Дүйшөн Төрөкулов алардын долбоору калктын саламаттыгы үчүн багытталган деп эсептейт.
«"Тамекинин салыгынан куру калабыз" деп жатабыз, менимче мындан коркпошубуз керек. Биз өнүгүп жаткан мамлекет катары тамекинин салыгы жок деле жашай алабыз. Келечекте биздин мамлекет ден соолукту караган, жаштардын саламаттыгын сактаган жолго түшсө жакшы болмок. Биз бир ишкерди кыса коёлу же кайсы бир тараптын кызыкчылыгын жактай коёлу деген оюбуз жок. Жаш муундун ден соолугу үчүн эле ушундай демилге көтөрүп жатабыз. Азырынча мыйзам кабыл алына элек, жакшы ой-пикирлерди талкуу учурунда да карап чыгабыз», - деди ал.
Кыргызстанда азыркы учурда деле чылымга каршы мыйзам иштейт жана ал «Жарандардын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» деп аталат. 2006-жылы кабыл алынган мыйзамда деле бир катар чектөөлөр бар.
Ал эми азыр депутаттар сунуш кылып жаткан мыйзам алгач ушул мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү максат кылган. Бирок өзгөртүүлөрдүн көптүгүнөн улам мыйзамга ылайык жаңы мыйзам долбоору жаңыча аталып, өз алдынча документ катары ишке киргени турат.
«Жайлоого барып чегебизби?»
Учурда иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстанда базарда, имараттарда, көчөлөрдө жана тейлөө жайларында атайын белгиленген жерлерде гана тамеки чегүүгө уруксат берилсе, эми жаңы мыйзамда бардык коомдук жайларда чылым тартууга чек коюлганы турат. Башкача айтканда адамдар үйүнөн башка жерде тамеки чегиши кыйын болуп калат.
«Буга сиздин көз карашыңыз кандай?» деген суроо менен Бишкек шаарынын бир катар тургундарына микрофон узаттык.
Жумадил Ибраев: «Мен өзүм тамеки чегем, бирок бул чектөөлөрдү туура эле кабыл алам. Тыюу салбасак ошол эле мектеп же башка бардык жерде түтөп эле отуруп калдык. Мен чекким келсе машинемде отуруп же үйүмдө жатып алып чеге беришим мүмкүн. Мыйзам кабыл алынса биз болбосок да бизден кийинки муун тамеки чекпей калышы мүмкүн. Бирок мыйзам кабыл алып коюш оңой, аны иштетиш кыйын. Кабыл алса деле адамдар чеге бериши мүмкүн».
Осмон Таирбеков: «Тамеки чегүүгө тыюу салуу - бул жеткен айбанчылык. Көк мээлик! Түкүрүк калып, эми ушу тамекиге киришиптир да. Бардык жерде чеккенге тыюу салса анда каерге барып чегет? Жайлоого барып чегеби же тоо-таштын ичине кирип алып чегеби? Мына, маселен көлгө эс алганы барган адамдар чегип атат дейли, аларды эмне эми, кууп чыгабызбы? Адам таза, эч кимге тоскоол болбогудай кылып чегип, пүчөктү акыр-чикирге таштап койсо болду да».
Акылбек Оморов: «Имараттын ичинде чеккенге тыюу салсын, макул дейли. Бирок көчөдө чеккенге тыюу салганы таптакыр туура эмес. Мен өзүм чекпейм, бирок чеккен кишилер өздөрү билет да, өзүнүн өпкөсүнө чегип атат да».
Алмаз Асылбеков: «Тамекиге тыюу салуу менен элди андан жаман нерсеге түртүшөт деп ойлойм. Кээлери насыбайга өтүп кетсе, айрымдары баңгизат колдоно башташы мүмкүн. Окуучулар желим жыттаганга өтө баштайт. Тамеки чеккенди азайтыш үчүн аны кымбаттатып коюш керек. Акчасы көптөр, мүмкүнчүлүгү барлар чегет, ошентип жатып азайтат».
Самат Суракматов: «Негизи чеккен адам чеге берет. Мага демектен аны камап койсо да таап чегет. Аны калтыруу адамдын өз эркинен көз каранды. Бирок коомдук жайларда, балдардын жанында чеккен туура эмес экенин эске алуу менен кайсы бир деңгээлде чектөө киргизсе болот. Ресторан-кафелерде атайын тамеки чегүү зоналарын калтырып койгон оң. Ага тыюу салып койсо дааратканага кирип чеге башташат».
Самара Абылкасымова: «Менин оюмча бул чектөөлөр тамеки чегүүнүн алдын алууга жардам бербейт. Чеккиси келген адам жашырынып болсо да чеге берет. Депутаттар зериккенден эле ар кандай мыйзамдарды ойлоп таба беришет окшойт».
Айчүрөк Умурзакова: «Тамеки чегүүгө толук тыюу салууну биз колдойбуз. Анткени чеккендердин айынан бизге окшогон чекпеген адамдар да жабыр тартып калып атпайбы. Керек болсо тамекини чыгарбай койсо деле ыраазыбыз. Мектептин айланасында саттырбай койгону да эң туура чечим. Маршруттук таксиде айдоочулар чегет, ага да тыюу салыш керек».
Ошентип мыйзамда каралып жаткан биринчи норманы колдогондор да, каршы чыккандар да бар.
«Кафе-дүкөндөр банкрот болушу мүмкүн»
Экинчи норма - ресторан-кафе жана башка тамактануучу жайлардын баарында тамеки чегүүгө тыюу салуу боюнча да пикирлер ушуга окшош. Кафе-ресторан ээлеринин көбү буга чейин эле алардын мекемесинде чылым чегүүгө болбой турганын айтышты.
Ал эми чылым чеккен зона жана чылым чекпеген зона деп бөлүп алгандар кирешелеринен жарым-жартылай айрыларын билдирип кабатыр болушту. Ал эми толугу менен чылым чегүүгө ылайыкташкан клубдарга, кафелерге оор эле болуп калчудай.
«Адамдар кафеге жай отуруп, эс алып, ичип, чегип кетиш үчүн келишет. Эгер бардык кафелерде тыюу салса, алар андан көрө үйүндө отура беришкени жакшы эмеспи. Маселен биздин кафеге келген адамдардын 80 пайызы тамеки чеккен адамдар болуп саналат. Эгер бул мыйзам ишке кирсе алардын дээрлик баарынан айрылабыз. Натыйжада кафе банкроттук болушу да мүмкүн. Азыр, маселен, тамеки чегүүгө болбогон кафелер бар эмеспи, чекпегендер ошол жакка бара беришсин, ал эми чеккендердин кафелерине тыюу салышпасын деп айтар элем», - деди Бишкектеги «Ария» аттуу кафенин администратору Настя Поличная.
Албетте, чылым чегүүгө уруксат берген көпчүлүк эле кафе-ресторандардын ээлери ар кандай себептерден улам маектешүүдөн баш тартып коюшканын да айта кетели.
Эми биз баяныбыздын башында сөз кылган мектеп, оорукана жана башка социалдык жайлардын 100 метр айланасында чылым сатууга тыюу салуу боюнча сунушту кайра кеп кылалы.
Ишкерлер ассоциациялары түшүндүргөндөй, Бишкектин тыгыз шартында дүкөндөр менен күркөлөрдүн 80% ушул радиуста жайгашкан. Эгер мыйзам кабыл алынса ушул субъектилердин баары тамеки сата албай калышат. Анда чылым кайсы жерде сатыла баштайт? Бул кимге пайдалуу болуп калат?
Дүкөнү мектептен алыс эмес жайгашкан бишкектик жаш ишкер Эдилбек Сейитбек уулу өз ойлору менен бөлүштү:
«Мен мурда тамеки чегип, таштап койгон киши катары айтарым - эгер адам тамеки чеккиси келсе 100 метр эмес, 100 чакырымдан да барып алып келип чеге берет. Ошондуктан мектептердин айланасында 100 метрлик чектөө коюу биздей чакан ишкерлерге кыйынчылык алып келет да, «Фрунзе», «Народный» же «Глобус» сыяктуу ири соода мекемелерине утуш алып келет. Мен жеке өзүм тамеки сатпай калсам 15% чейин кирешемден айрылам».
Соодагерлердин айтымында, социалдык жайларга жакын жайгашкан дүкөндөр ансыз деле окуучуларга чылым сатпайт. Ошондуктан соңку чектөөнү киргизүү аларга оорчулук гана алып келет.
«Биз эми негизинен окуучуларга кагаз, калем сыяктуу майда-чүйдө нерселерди эле сатып тиричилик кылабыз да. Ал эми тамеки - жөн эле бизге кошумча киреше алып келүүчү каражат. Аны биз балдарга ансыз да сатпайбыз. Жашыраак көрүнгөндөрдүн баарынын паспортун сурап, анан ошого карап сатабыз. Ошондуктан муну бизден алып койсо кыйынчылык алып келет. Биз ижара, жер акы, патент жана башка чыгымдарыбызды араң жаап, иштеп жатканыбызда бул чектөө бизди тумшукка ургандай эле болот», - дейт алардын бири Гүлүмкан Сабирова.
Дарыгерлердин позициясы
Деген менен Саламаттык сактоо министрлиги билим берүү мекемелеринен 100 метрлик айланада чылым сатпоо тууралуу норма беш-алты жыл мурдагы мыйзамдарда деле болгонун эске салышат. Алар бул чектөө алынгандан кийин айрым дүкөндөр балдарга да тамеки сатууга өтүшкөнүн, бул чектөөнү кайра киргизүүгө түртүп жатканын белгилешет.
Министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова буларга токтолду:
«100 метрлик радиуста сатууга тыюу салуу 2014-2015-жылдарга чейинки мыйзамда бар болчу. Бирок ишкерлик субъектилер иш-аракеттерин коргоо деген шылтоолор менен алынып калыптыр. Бирок бүгүнкү күндө балдардын ден соолугуна кам көрүш үчүн ушул демилгени колдоп жатабыз. Азыркы мыйзамда мектептерде, спорттук жана медициналык жайларда тамеки чегүүгө бөгөт коюлган. Бирок ошого карабастан сатуучулар балдарга да дааналап тамеки сатып жиберип жатышат. Жугуштуу оорулардын бирден-бир себеби тамеки болуп жаткандыктан биз да депутаттардын ушул мыйзамын колдоого алып жатабыз. Тамеки чегүүдө анын өзүнөн да анын жанында турган адамга көбүрөөк зыяны тийет, анын түтүнүндө 4 миңден ашуун зыяндуу заттар бар. Анын алдын алыш үчүн болгон аракеттерди көрүү зарыл. Кафе-ресторандарда да тамеки чегүүчү зона же чеккенге болбой турган зона деп бөлбөй, баарына тыюу салыш керек. Мындан сырткары мыйзамга электрондук тамеки, насыбай, кальян деген түшүнүктөр боюнча да өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болуп калды».
Акматова билдиргендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде ушу тапта Кыргызстанда эркектердин 45%, аялдардын 4% чылым чегет. Бирок ал реалдуу сандар мындан да көп экенин, аны алдын алыш үчүн соңку мыйзамдагы нормаларды киргизүү зарыл экенин белгилейт.
«Жарандардын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун авторлорунун арасында Алмаз Токторов менен Дүйшөн Төрөкуловдон сырткары, Асылбек Жээнбеков, Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков, Таабалды Тиллаев, Жыргалбек Турускулов, Карамат Орозова жана башкалар бар.
Аталган мыйзам коомдук талкуудан өтүп, талкууга берилген. Ал быйыл жайында же күзүндө кабыл алынышы мүмкүн.