Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

"Уйдан чыккан газ абаны булгайт, туядан Бишкекке пайда жок"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек акыркы жылдары абасы кир шаарлардын тизмесинен түшпөй келет. Мурдагы жылдары экологдор борбор калаанын абасында күкүрттүн кош кычкылы, көмүр кычкыл газы, азот кычкылы баштаган зыяндуу газдар көбөйүп кеткенин айтып, коңгуроо кагышкан.

“Жер эне” подкастында биз дем алган абанын курамындагы зыяндуу заттар эмненин эсебинен көбөйүп жатканы тууралуу эколог Бактыяр Асанов менен сүйлөшөбүз. Текстке аудио подкастка кирбей калган бөлүктөр да кошулду.

- Бактияр мырза саламатсызбы? Маекти баштардын алдында химия сабагын бир эстейли. Бул сабактан биз дем алган аба негизинен азот менен кычкылтектен турарын окудук эле. Андан башка гелий да бар дегени эсимде калыптыр.

- Азыркы абанын курамы 78% (78,03%) азоттон, 21% (20,95%) кычкылтектен, 0,03% көмүр кычкыл газынан, калган 1% (0,95%) башка инерттүү газдардан турат, эң көбү аргон 0,8%, озон, азоттун оксиди ж.б. Гелий инерттүү газдарга кирет. Абадагы пайыздык ченеми өтө эле аз десем болот. Майрамдарда шарды гелий менен толтуруп жатпайбызбы. Аны ошол абанын курамынан эле алышат.

Бактияр Асанов.
Бактияр Асанов.

- Айрым окумуштуулар миллиарддаган жыл мурда кычкылтектин көбөйүп кетиши Жердеги жашоону түп-тамырынан өзгөрткөн дешет экен. Кычкылтек күйүү процессине катышат эмеспи. Акыркы жылдары дүйнөдө токойлор өрттөнүп жатат. Буга ошол кычкылтектин абадагы курамынын бузулушу себеп эмеспи?

- Илимде Жер жаңы пайда болгондо абанын курамы такыр башка заттардан туруп, көбүнчө метан газы басымдуулук кылганы айтылат.

Миллиарддаган жылдар өтүп, жандыктардын пайда болушу, эволюциянын арты менен аба азыркы курамга келген. 21% кычкылтек менен 78% азоттун тең салмактуулугу, жаңылбасам, 300 млн жылдан бери сакталып келет. Эгер кычкылтектин пайыздык саны 23-24% эле көтөрүлсө, кесепети оор болот. Себеби кычкылтек күйүү процессине катышкандыктан, баарын өрттөп коюшу мүмкүн. Бирок кычкылтектин пайыздык көлөмү дүйнөлүк масштабда көбөйүшү абдан кыйын.

Анын күйүү же биздин дем алууга катышканы - узак жылдан бери калыптанган процесс. Токойлор бөлүп чыгарган кычкылтек кайра эле өсүмдүктөрдүн чирүү процессине катышат. Демек, анын жарымынан көбүн токой кайра эле өзү жок кылат.

Ал эми токойлордун өрттөнүшүнө соңку жылдардагы кургакчылык жана климаттын өзгөрүшү себеп болууда. Акыркы Калифорнияда чыккан өрттү алсак, бир жыл ичинде ал жерге такыр жамгыр жааган эмес экен. Токойдогу жалбырак, чөптөр куурап турганда кичине эле учкундан өрт тутанат да.


- Эгер кычкылтек жок болсо, жашоо токтошу мүмкүн дешет, эгер абадагы курамы азыркыдан аз болсо, кандай болот? Башка формадагы жашоо пайда болушу мүмкүнбү?

- Кычкылтек жок болсо, Жер жүзүндөгү жашоо өзгөрүп кетиши анык. Биринчиден, аба менен дем алган жандыктардын баары өлөт. Кычкылтексиз жашоого адаптация болуу үчүн кайра эле миллиондогон жылга созулган эволюция керек. Азыркы аба дароо жок болсо, бир гана бактериялар калат. Бактериялар эки түргө бөлүнөт: аэробдук – бул бактериялар кычкылтектин жардамы менен жашайт, анаэробдук бактериялар болсо кычкылтексиз эле жашайт берет. Азыр саркынды сууларды тазалоо процессинде ушул анаэробдук бактерияларды колдонушат.

Негизи илимде кычкылтекти анаэробдук бактерия катары саналган бир клеткалуу балырлар пайда кылганы айтылат. Алар башка химиялык заттарды жеген сайын кычкылтекти бөлүп чыгара берип, кычкылтексиз жашаган жандыктар жок болгон дешет. Албетте, бул теория. Анткени 3 млрд жыл мурдагы процессти изилдөө кыйын. Ошентсе да кайсы бир деңгээлде негиз бар. Анткени кычкылтексиз жашаган бактерияны кычкылтектүү чөйрөгө алып келсек, ал жашай албайт.

- Эми азот тууралуу айтсак, биздин асмандын көк болушу, топурактын түшүмдүүлүгү, организмдеги белоктун синтезделиши ушул газга көз каранды турбайбы.

- Азот инерттүү газ. Абанын 78% түзөт деп жатпайбызбы. Өзүн ала турган болсок, эч кандай кооптуу эмес. Бирок ошол эле кычкылтек менен бирикмелери кандайдыр бир деңгээлде кооптуу. Азоттун оксиди, азоттун диоксиди деген бар, нитрат, нитрит деп айтылат. Ошолордун көлөмүнүн көбөйүшү кооптуу.

Абадагы азот (N2) бактериялардын жардамы менен аммиак формасына өтөт, аммиакты башка бактериялар нитрит, нитрат формасына өткөрөт. Нитрит, нитратты өсүмдүктөр тамыр аркылуу кабыл алып өсөт. Ал чөптү жеген жаныбарлар жырткычтарга жем болот. Тирүү жандыктар өлгөндө чирүү процессине катышкан бактериялар денедеги азотту кайра N2 формуласына өткөрөт. Муну табигый айлануу процесси десек болот. Бирок ошол процесске адам киришкенде, баланс бузулат.

- Нитрат менен нитрит жер семирткич катары колдонулат го...

- Ошол жер семирткичти айрыкча нитраттарды нормадан ашыра сепсек, ал жаан-чачын аркылуу топуракка, андан жер астындагы сууларга сиңет. Жер астындагы суулар болсо көлдөргө, суу сактагычтарга кошулат. Натыйжада көлдүн ичинде балыр көбөйүп, суудагы кычкылтекти жута баштайт. Сууда кычкылтек азайганда, балык ж.б. жандыктар дем жетпей өлөт. Анын натыйжасында суу бузулуп, ар кандай жугуштуу оорунун тарашына шарт түзүлөт. Ошон үчүн суудагы нитраттын нормасы 45 мл ашпашы керек. Андан ашса, жан-жаныбарларга, эң башкысы, адамга кооптуу.


- Кыргызстандагы көл, суу сактагычтардагы азоттун курамы текшерилип, изилдөө жүргөнбү?

- Кычкылтек, нитрат, нитрит, сульфаттар, PH, туздуулук - суунун эң башкы индикаторлору. Санитардык-эпидемиологиялык станция мониторинг жүргүзгөндө эң биринчи ушул көрсөткүчтөрдү текшерет. Бирок суунун абалын прибор, химиялык лабораториясы жок эле көз менен эле билсе болот. Айталы, жыл сайын жай келгенде саркындыны тазалоочу жабдыгы жок пансионаттар жабылганы тууралуу кабар чыгат. Кийин карасаң эле алар иштеп жаткан болот. Ошол саркынды суу кошулган аймактарда көлдүн суусу тунук эмес, аябай балырлап кеткенин көрөсүз. Азыр эми “пирстин үстүнө буукана салалы” деген сунуштар айтылып жатпайбы. Бул, менимче, суунун сапатына терс таасирин тийгизбей койбойт. Эгер кыска ой менен акча табалы десек, эртең жаратылышты калыбына келтирүүгө андан да көп каражат кетиши мүмкүн. Андай болбошу үчүн жаратылыш менен айкалышып, табигый процесстерди бузбай эс алганды үйрөнүшүбүз керек.

- Мурдагы жылы Бишкектин абасында азоттун бирикмелери өтө көбөйүп кеткени тууралуу отчет чыкты эле. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

- Жер семирткичтерден тышкары ЖЭБден, биз айдаган машинеден, үйдө жагылган көмүр жана башка заттардан чыккан түтүн себеп болушу мүмкүн. Азыр жеке сектор тигүү цехтеринен чыккан чүпүрөктү, дөңгөлөк ж.б. жагып жатканы айтылып келет. Эгер ошол заттар азоттун бирикмелерин камтыса, алар күйгөндө азоттун кычкылы же диоксиди бөлүнүп чыгат.


- Бир видеодон суунун үстүндөгү муздун айрым жерлери көбүктөнүп турганын, ал жерге ширеңке чакса күйгөнүн көрдүм эле. Ошол газ азотпу?

- Ал метан. Кочкордо күйгөн суу бар эмеспи, ошол жерде метан газы суу менен аралашып чыгат. Муздагы көбүктөр суунун түбүндө метан барын билдирет. Жана айткан аноэробдук бактериялар суу астындагы жандыктардын тарпын, балырларды жейт дагы, кайра метан газын бөлүп чыгарат. Баарыбыз билгендей, Орусия метан газына бай. Анын баары Сибирде, түбөлүк тоңдун астында жатат. Кокус тоңдун үстүңкү катмары эле эрий турган болсо, газ өйдө жакка чыгат. Негизи, абанын жылышы анаэробдук бактерияларга жагымдуу чөйрө түзөт. Алар бат көбөйүп, ошого жараша метанды да көбүрөөк бөлүп чыгара баштайт. Абанын курамында метан көбөйгөндө, күнөскана эффектиси күчөйт.

- Азыр абанын курамында негизинен көмүр кычкыл газынын көлөмү басымдуу болуп жатканы, бул кооптуу экени айтылууда. Бирок көмүр кычкыл газы Жер шарында жашоонун пайда болушуна да себепкер болгон, күнөскана эффектин жаратып, океандардын тоңуп калышына жол берген эмес деп окуп калдым эле.

- Көмүр кычкыл газы күндөн келген энергияны жерден чагылыштырып, өзүнө камтып калган касиетке ээ. Ошол күнөскана эффектиси деп аталат. Ошол эффектинин арты менен Жердеги жылуу температура сакталып келген. Бирок акыркы жылдары абада бул газдын көбөйүп кетиши климаттын өзгөрүшүнө, глобалдык жылуулукка себеп болууда. 100-200 жыл мурдагыга салыштырсак, азыр ЖЭБдер, машинелер көбөйдү, мунун баары абага көмүр кычкыл газын бүркүп жатат. Буга кошул-ташыл метандын, азот кычкылынын, күкүрттүн кош кычкылынын дагы көбөйүшү күнөскана эффектисин күчөтүүдө.

Бирок көмүр кычкыл газы жок болсо, Жерде жашоо токтоп калышы мүмкүн. Биология сабагынан фотосинтез аркылуу өсүмдүктөр бул газды сиңирип алып, кайра кычкылтекти бөлүп чыгара турганын билебиз. Эгер көмүр кычкыл газы жок болсо, бак-дарактар, чөптөр өспөй калат.

Адам көбөйгөндө аба эмнеге булганат?

- Көмүр кычкыл газынын абанын курамында көбөйүшүнө тирүү жандыктар да таасир этет турбайбы? Кыргызстанда мал көбөйүп кеткенин айтып жүрөбүз го дегеним...

- Мал-жандыктардын көбөйүшүн айтсак, уйдан метан газы менен аммиак чыгат. Ошол себептүү Батышта уй фермаларында фильтрлер орнотулган. Ошол катализаторлор зыяндуу заттарды абага чыгарбай тазалап турат. Андан тышкары алар уйдун тезегинен биогаз алышууда. Биз андай деңгээлге жете элекпиз. Биздеги мал-жандык дүйнөдөгү күнөскана эффектисине канчалык салым кошуп жатканын айтуу кыйын. Бул боюнча атайын бир изилдөө жүргүзүлө элек.


- Ал эми адамчы? Биз деле акыл-эстүү биологиялык жандыктарбыз да.

- Акыркы маалыматтар боюнча Жер шарынын калкы 8 миллиардга жетип калды. Бирок чындап келгенде мынча сандагы адамдан чыккан газ Жер үчүн анчалык деле коркунучтуу эмес. Кеп 8 млрд адам Жер бетине кандай таасир этип жатканында. Адамдын саны көбөйгөн сайын керектөө да көбөйүүдө. Азыр ар бирибиз машине тепкибиз келет. Токойлорду кыйып, жайыттарды талкалап, шаарларды жаратылышка зыян келтиргендей салып жатабыз. Керектөө көп, ошол эле тамак-ашты ысырап кылуу, кийим-кечени көп сатып алуу, Айфондорду жылда алмаштыруу жарышка айлангандай. Ошонун баарын токтотуп, жаратылышка аяр мамиле кылсак, экологиялык абал жакшырмак.

- Маектин башында биз дем алган абада озон да барын айттыңыз. Мурдагы жылкы изилдөөдө Бишкектин абасындагы зыяндуу заттардын катарында озон да бар эле. Озон жыртыгы деген ошолбу же жердеги озон башкабы?

- Озондун эки түрү бар. Жердеги жана стратосферадагы озон деп бөлүнөт. Химиялык формуласы бирдей эле О3. Стратосферадагы озон Жерди ультра-күлгүн нурлардан сактайт, планетанын температурасын бир калыпта кармоого салымы бар. Жердеги озон - бул адам жана жан-жаныбарлар үчүн зыяндуу. Жыты бар, анан кычкылдандыруу күчү кычкылтектикинен да күчтүү болгондуктан, отту бат тутантат, адамга чоң зыян алып келет.

- Ал эми күкүрттүн кош кычылычы? Бишкектин абасында ал эмне себептен көбөйүүдө?

- Күкүрт деле кычкылтекке, азотко окшоп өз айлампасы бар, бизге керектүү заттардын бири. Бирок анын бирикмесинин абада көбөйүп кетиши кооптуу. Аны, биринчиден, автоунаалар, экинчиден, ЖЭБ, үчүнчүдөн, жеке сектордо жагылган көмүрдүн түтүнү көбөйтүүдө. Көпчүлүк үйлөрдө сапаты начар, быша элек көмүр жагылып жатат. Бишкекте жарым миллионго жакын автоунаа болсо, ошонун канчасынын катализатору барын эч ким айта албайт. Анткени финансылык муктаждыктан улам мурдагы жылдары көбү катализаторун саткан учурлар болгон. Катализатор химияда кайсы бир реакцияны тездетүүгө жардам берет, бирок өзү ага катышпайт. Мисалы, күйүү процессинде бир зат аягына чейин күйбөй калса, катализатор аны күйгүзүп анан чыгарат. Эгер ал жок болсо, зат чала күйгөн бойдон тышка чыгат, демек, анын зыяны да көбүрөөк болот.

- Борбор калаанын абасында формальдегид да бар экени айтылган. Ал эмненин эсебинен көбөйүшү мүмкүн? Бизде эми фармацевтика жааты деле анча өнүккөн эмес да.

- Бизде эмерек жасаган цехтер алып келген ДВП, ДСПнын жана балдардын оюнчуктарынын курамында формальдегид көп. Аны биз маани бербей эле колдонуп жатабыз. Сыртта турууга тийиш материалдан үстөл жасап, үйгө коюп жатабыз дегендей. ДВП, ДСПны отко да жагып жатабыз. Азыркы жаңы конуштагы эл үйүн эмне менен кантип жылытып жатканы чоң изилдөөнү талап кылат.

Туядан пайда жокпу?

- Ал эми PM деген эмне? Ал химиялык затпы?

- Бул майда бөлүкчөлөр, чаң десек болот. PM 10, PM 2,5 дегендер бар. Ошол чаңдын курамында сульфаттар, туздар, көмүрдүн кыпыны, нитрат, нитриттер болушу мүмкүн. Эгер ошол бөлүкчөлөр 10дон жогору болсо, биз дем алганда мурундун ичинде калып өпкөгө жетпейт. PM10 өпкөгө чейин жетсе, PM 2,5 өпкөдөн өтүп канга чейин кирип кетет экен. Бишкек ошол PM 2,5тин көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү абасы кир 10 шаардын катарына кошулуп жатат.

Илимде PM рак ооруларын, астма, аллергия, жүрөк-кан тамыр илдетин козгой турганы аныкталган. Азыр Бишкектин райондорунда РМдин көрсөткүчү бирдей эмес. Шаардын түштүк тарабында от көп жагылбаса, “Дордойдун” тегерегинде абал такыр башкача. Мамлекет акыркы айларда ошол абанын кирдегенин көрсөткөн жабдууларды алып салууга аракет кылып жатат. Бул туура эмес. Тескерисинче, аны көбөйтүш керек болчу. Алардын аркасы менен көп көрсөткүчтөр аныкталып, илимий изилдөөгө негиз болмок.

Бишкекте кышында эмнеге ыш болот? Буга шаар ойдуң жерде жайгашкан, жел жүрбөй, түтүн уюп калат деп жатышат. Экинчи себеп, кышында чөптөр өспөйт. Өсүмдүктөр фильтр катары чаңды өзүнө сиңирип турат да.

- Айрым экологдор Бишкектеги абанын булганышын жолдорду кеңейтүү үчүн ошол бак-дарактардын көп кыйылып жатканынан да көрүшөт го.

- Бул 100 пайыз чындык. Өсүмдүктөр - бардык зыяндуу заттарды сиңирип, абаны тазалап турган чыпка. Бирок мэрия ага көз жуумп, жолду кеңейткенге аракет кылууда. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында, жолду кеңейткенде көйгөй эки эсе көбөйөт экен. Менин оюмча, тескерисинче жолдорду ичкертип, транспорттун башка түрлөрүн көбөйтүү керек болчу. Троллейбустарды эмнеге линиядан алып салганы мага, мисалы, түшүнүксүз.

Мэрия картайган, чириген бактарды да кыйып жатканын айтууда. Ошол эле маалда алдыдагы беш жылда кыйылган бактардын ордуна кайра канча бак тигебиз деген планы жоктой көрүнөт. Кыйылган бактын ордуна бир-эки жылдык чырпыкты сайып коюшат, ал кийин көктөйбү же жокпу, белгисиз. Анан туя же ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургуза беришет. Булар жайы-кышы жашыл болуп жакшы көрүнгөнү менен, экологияга пайдасы аз.

Соңку кезде Бишкекте ийне жалбырактуу көчөттөр көп отургузулууда.
Соңку кезде Бишкекте ийне жалбырактуу көчөттөр көп отургузулууда.

Мисалы, ири жалбырактуу бактар бир чети абаны тазалаган фильтр болсо, экинчи чети көлөкө берет. Мисалы, жайкысын токойдун ичиндеги температура көчөнүкүнөн 10 градус төмөн болот. Бактар буу бөлүп чыгарып, абанын нымдуулугун туура сактаганга таасир этет. Ал эми ийне жалбырактуулардан же көлөкө түшпөйт, же ага чымчыктар уя салбайт.

- Ыштан кантип кутулабыз эми?

- Бардык конуштарды газдаштыруу керек. Анан элге үй салганда жылуулаганды үйрөтүү зарыл. Чатыры, дубалы, тактайы жылууланган үйгө отун азыраак жагылат. Үчүнчүдөн, жол четиндеги топуракты кандайдыр бир нерсе менен жабуу керек. Америкада, мисалы, үйлөрдүн астына шагыл же бактын кабыгы төгүлөт, же газон жаткырылат. Ачык жаткан топуракты көрбөйсүң. Ошон үчүн Европада, АКШда бир ай жүрсөң да бут кийимиң кирдебейт. Биздики кайда караба топурак, 500 метр бассаң эле кийимге чаң жабышат. Ошол чаң абага да көтөрүлүп, РМдин көлөмүн көбөйтүүдө.

Абанын кирдешинин дагы бир себеби – ыраатсыз, ойлонулбаган курулуштар. Буга чейин эртең менен же кечинде тоодон жел жүрүп, абаны тазалап кетсе, азыр тоо тарапта бийик кабаттуу үйлөр салынып, желди тосуп калып жатат.

Подкасттын аудиосун бул жерден уга аласыз.

"Өзүбүз жаккан отунга ууланып жатабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:16 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG