Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланды. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.
Кырсык
шейшемби 2 Июль 2024
Ош облусунун Ноокат районунда селден 28-июнда беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды.