Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Хаменеи Иран Израилге каршы күрөшүндө артка чегинбей турганын айтты


Али Хаменеи. 2024-жылдын 4-октябры.
Али Хаменеи. 2024-жылдын 4-октябры.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи өлкөнүн Израилге каршы эки күн мурдагы ракеталык чабуулу «жүйөлүү жана мыйзамдуу» болгонун, «зарыл болсо» Тегеран аны кайталашы мүмкүн экенин билдирди.

Бүгүн 4-октябрда борбор калаа Тегеранда өткөн жума намаздан кийинки сөзүндө ал Иран жана аймактагы аны колдогон тараптар Израилге каршы күрөшүндө артка чегинбей турганын айтты.

Хаменеинин бул билдирүүсү Израил Ливандын борбор калаасы Бейруттун чет жакасында бул өлкөнүн түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” куралдуу тобунун өкүлдөрүнө абадан чабуул койгону маалымдалып жаткан учурда жасалды.

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

CNN телекомпаниясы өз булактарына таянып жазгандай, бул жолу Израил «Хезболланын» мурдагы лидери Хасан Насралланын аталаш тууганы Хашим Сафи ад-Динди бутага алууга аракет кылган болушу ыктымал, себеби топтун жаңы жетекчисине ошол адам дайындалышы мүмкүн экени айтылууда. Ал киши тирүүбү же жок кылындыбы, азырынча белгисиз.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Ливан өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда, бир жылдан берки атышуулардан бул өлкөдө 1900дөй адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү соңку апталарда каза болгондор.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. (RK)

XS
SM
MD
LG