Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Пакистанда оппозициянын митингин өткөрбөө аракети көрүлүүдө


Имран Хандын тарапкерлери.
Имран Хандын тарапкерлери.

Пакистанда бүгүн 4-октябрда оппозициянын митингине катышуу үчүн чыккан активисттердин бир нечесин полиция кармап кетти. Бул тууралуу «Машаал» радиосу кабарлап, борбор калаа Исламабадда күч кызматкерлери шаарга кире турган негизги автожолдордун баарын тосуп, мобилдик байланышты өчүрүп, камактагы оппозиционер саясатчы Имран Хандын миңдеген тарапкерине аны бошотууну талап кылган кезектеги акциясын өткөрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын жазды.

Коррупцияга байланыштуу бир катар айып боюнча камалган Хан азыркы тапта жаза мөөнөтүн Исламабадда күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөдө. Өзү жана тарапкерлери ага тагылган айыптарды бийликтин саясий максаттагы куугунтугу деп атап келишет.

Ал тарапташтарын, өзүнүн “Адилеттик үчүн кыймыл” («Техрик-е Инсаф», PTI) партиясынын активисттерин 4-октябрда түрмөнүн жанына барып, акция өткөрүүгө чакырган.

Митингге анын шайлоочуларынын көпчүлүк бөлүгү жашаган, калкынын басымдуу бөлүгүн пуштундар түзгөн, Ооганстан менен чектеш тилкеде жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясынан адамдар көп барары маалымдалган.

Хан 71 жашта, ал Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган.

Анын негизги саясий атаандашы, азыркы өкмөт башчы Шехбаз Шариф бийликтин митингди токтотуу талаптары аткарылбагандыктан полицияны күчөтүлгөн тартипте иштетип, борбор калаадагы бир нече мектепти коопсуздук үчүн убактылуу жаптырган.

Ички иштер министри Мохсин Накви «Исламабадга чабуул коюуга жол берилбей турганын» айткан жана PTI партиясынын өкүлдөрүн 15-16-октябрда шаарда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) премьер-министрлеринин саммитин тынч өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранган.

Пакистан азыркы тапта оор экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө, жергиликтүү талибдердин ар кандай кол салууларынан улам коопсуздук боюнча да коркунуч жаралууда. Өзөктүк куралга ээ бул өлкө жакында Эл аралык валюта фондунан экономикасы үчүн 7 миллиард долларлык насыя алды. (RK)

XS
SM
MD
LG