Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Журналисттер союзуна жаңы төрага шайланды


Илязбек Балташев
Илязбек Балташев

4-октябрда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Журналисттер союзунун X курултайы болуп өттү.

Анда Кыргызстандын Журналисттер биримдигинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев өзүнүн отчеттук баяндамасын жасап, буга чейинки биримдик тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Соңунда биримдиктин жаңы жетекчилигине Ильяз Балташев шайланды.

Уюштуруучулардын маалымдашынча, анын талапкерлигин курултайдын делегаттары бир добуштан колдошту.

Маалыматка ылайык, Журналисттер биримдигинин X курултайына 91 делегаттын 73ү катышты.

Белгилей кетсек, Журналисттер биримдигинин төрагасы ар бир беш жыл сайын шайланат.

Абдыкадыр Султанбаев Журналисттер союзун 1991-жылдан бери башкарып келген.

Ильязбек Балташев 2020-жылы ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган. Учурда "7-каналдын" директору.

XS
SM
MD
LG