Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Казакстанда АЭС курууга каршы активисттерди кармоо уланууда


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселеси боюнча референдум жакындаган сайын кармалган же тартип жазасына тартылган жарандардын саны көбөйүп жатканын бүгүн 4-октябрда «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

"Ар.Рух.Хақ" фондунун башчысы, казакстандык укук коргоочу Бахытжан Төрегожина 27 кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады. Буга чейинки тизмеде 17 киши бар болчу.

Бул тизмеге кирбей калган, тартип жазасына тартылганы айтылып жаткан кишилер да бар экени кабарланды.

Жарандык активист Абзал Достияровдун айтымында, 3-октябрда полиция Гүлжахан Байит аттуу активистти кармап кетип, колундагы АЭСке каршы плакатты «мыйзамсыз үгүт» деп баалап, 42 миң теңге айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Мониторинг жүргүзүүчү Notextremists тобу билдиргендей, жарандык активист Канатхан Амренов 20 күнгө камакка алынды, ал «тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын бузган» деп айыпталууда.

Борбор калаа Астана шаарында 10 күндүк камакка Жасулан Копеев аттуу жаран алынды.

Семей шаарында 3-октябрда жарандык активист Динара Мубарактын үйүнө полиция кызматкери барып, Алматы полиция департаментинин чакыруусун тапшырып кеткен, себебин түшүндүргөн эмес.

Казакстанда АЭС куруу маселесине байланыштуу референдум 6-октябрга белгиленген. Референдумга "Сиз Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлат. 3-сентябрда башталган үгүт өнөктүгү бүгүн 4-октябрда жыйынтыкталат. Референдумду уюштуруп, өткөрүүгө казынадан 15,5 миллиард теңге бөлүнөрү белгилүү болгон.

Өлкөдө бул маселе боюнча пикир бир кылка эмес. Колдогондор өлкөдө энергия жетишсиз болуп жатканын, ал эми каршылар мындай станция экологияны булгап, өлкөнү башка мамлекеттердин алдында технологиялык жактан көз каранды кылып коерун айтып жатышат.

2-сентябрда казак парламентинин эки палатасынын кошмо жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев "Күн өткөн сайын экономикабызга мол энергия зарыл болуп жатат. Мындай муктаждыкты атом энергетикасы жаба алат. Азыркы кезде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 өлкөдө жалпысынан 200гө жакын атомдук электр станциясы иштеп жатат", - деп айткан.

Көпчүлүк АЭСти колдоп жатканы менен реакторду ким курары азырынча белгисиз. Казак өкмөтү жарыялаган тизмеден Орусиянын, Кытайдын, Франциянын жана Түштүк Кореянын компанияларын көрүүгө болот.

Талдоочулар Казакстан алардын арасынан Орусиянын "Росатом" компаниясын тандап алат деп кооптонуп жатышат.

АЭС маселесине арналган, бийлик уюштурган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында өттү. Каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG