Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Босния жана Герцеговинада селден кеминде 14 адам каза болду


Босния жана Герцеговина. 2024-жылдын 4-октябры.
Босния жана Герцеговина. 2024-жылдын 4-октябры.

Босния жана Герцеговина өлкөсүндө бүгүн 4-октябрга караган түнү нөшөр жаандан кийин башталган селдин айынан кеминде 14 кишинин өмүрү кыйылганын бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Дагы “көптөгөн” кишинин дайыны табылбай жатканы, өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактарында абал оор экени маалымдалууда.

Кээ бир жерлерде жер көчүп, айрым аймактарда суу үйлөрдү чатырына чейин каптады. Жолдор талкаланып, мобилдик байланыш үзгүлтүккө учурады.

Коргоо министрлиги кырсыктын кесепетин жоюу үчүн жабыр таркан аймактарга аскерлер жөнөтүлүп жатканын билдирди.

«Саат сайын улам бир жерде адамдар каза болгону же жараат алганы тууралуу маалымат келип түшүүдө. Колубуздан келгенди кылып жатабыз. Негизги максатыбыз – адамдарды куткарып калуу», - деди ал.

Кырсык болгон айыл-кыштактардын үстүнөн дрон менен тартылган видеолордон кээ бир жерлерди суу толугу бойдон каптаганын, ал эми социалдык түйүндөрдөгү сүрөт-видеолордон ылай аралаш суу агып, жолдор талкаланып жатканын көрүүгө болот.

Кооптуу кырдаал түзүлгөн шаарларда темир жол каттамы убактылуу токтотулду.

Сентябрь айынын башында Борбордук Европанын айрым өлкөлөрүн каптаган «Борис» циклонунун кесепетинен Румынияда алты кишинин өмүрү кыйылып, миңдеген үйлөрдү каптаган. Чехияда, Польшада жана бир катар коңшу өлкөлөрдө дагы 20 кишинин өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG