Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Ливан жана Газадагы курч кырдаал, Хаменеинин кайрылуусу


Израил армиясынын аба соккусу жасалган аймак. Бейрут, Ливан. 2-октябрь, 2024-жыл.
Израил армиясынын аба соккусу жасалган аймак. Бейрут, Ливан. 2-октябрь, 2024-жыл.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 4-октябрдагы жума намазда кайрылуу жасай турганы күтүлүүдө. Израил Ливанга аба соккуларын күчөтүп жатканда Жакынкы Чыгышта жаңжал ырбап кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч алды.

Кыргызстан Газадагы жана Ливандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан Газа тилкесиндеги "кайгылуу окуяларга, гуманитардык кризиске" жана Израилдин Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарына тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.

Ал бул тууралуу Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун кезектеги саммитинде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 4-октябрда кабарлады.

"Кыргыз Республикасы аскердик аракеттерди тез арада жана толук токтотууну жактайт жана жайкын тургундарды коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө жана Палестин-Израил чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларына шайкеш келген, "эки эл үчүн эки мамлекет" принцибине негизделген саясий диалогду баштоого чакырат", - деди Байсалов.

Израил армиясы Ливанга сокку урууну улантууда

Израил армиясынын 4-октябрдын таңында жасалган аба соккусу Ливан менен Сириянын ортосундагы Маснаа чек ара бекетине жакын жолду жарактан чыгарды. Бул жол аркылуу соңку күндөрү аба чабуулдардан качкан жүз миңдеген ливандык карапайым тургундар өтүп турганын Ливандын транспорт министри Али Хамие билдирди.

4-октябрга караган түнү жасалган Израил армиясынын аба соккуларынан баш калаа Бейруттун жака бели титиреп турду. Шаардагы эл аралык аэропорттун жанында катуу жардыруу болду. Ал “Хезболла” тобунун таянычы болгон Дахие шаарчасына жакын жайгашкан.

"Хезболла" - Ливандын түштүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн куралдуу топ жана саясий партия.

Аба чабуулдун алдында жөөт армиясы калаадагы бир нече райондун тургундарына башка жакка чыгып кетүүнү эскерткен.

Ливандын Улуттук расмий маалымат агенттиги (NNA) билдиргендей, түнү "ондон ашуун чабуул жасалып" согуш башталгандан берки Бейруттун түштүк жака белине урулган "эң кубаттуу соккулардын бири" болду.

Израил аскерлери соккунун максаты тууралуу айткан жок.

Израилдин соккусунан талкаланган жолдо бараткан ливандык качкындар. 4-октябрь, 2024-жыл. Ливан менен Сириянын чек арасы.
Израилдин соккусунан талкаланган жолдо бараткан ливандык качкындар. 4-октябрь, 2024-жыл. Ливан менен Сириянын чек арасы.

Анткен менен айрым маалымат каражаттары жана аналитиктер чабуул жасалган жер жана анан масштабынан улам, ЦАХАЛ Хашем Сафиединди бутага алышы ыктымал экенин боолгошту.

Сафиедин "Хезболланын" кийинки лидери болушу мүмкүн деген сөздөр тараган. Соккудан кийин анын өлүү-тирүүсү азырынча белгисиз.

АКШ террордук деп санаган уюмдун мурдагы лидери Хасан Насралла 27-сентябрдын кечиндеги израил армиясынын соккусунан мүрт кеткен. Евробиримдик "Хезболланын" саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде уюмдун саясий партиясынын депутаттары да бар.

3-октябрда Бейруттун борбордук бөлүгүндөгү карапайым тургундар жашаган үйгө урулган израил армиясынын аба соккусу он чакты кишинин өмүрүн алды. Бул 2006-жылдан бери Ливандын баш калаасына жасалган алгачкы сокку.

Израил Бейрутка максаттуу операциянын негизинде сокку урулганын билдирди. "Хезболлага" байланышы бар жарандык коргонуу тобу анын жети мүчөсү, анын ичинде эки медкызматкер соккунун жыйынтыгында набыт болгонун билдирди.

Хаменеи беш жылдан берки алгачкы кайрылуусун жасайт

Жума башында Израилдин Ливандын түштүк тарабында жердеги операциясын башташы Жакынкы Чыгышта ири масштабдагы жаңжал тутанышы мүмкүн деген кооптонуу жараткан.

1-октябрда Тегеран Израилге баллистикалык ракеталар менен чабуул койгондо мындай тынчсыздануу дагы күчөдү. Иран бийлиги бул Израилдин Ливандагы "Хезболла" тобуна каршы операциясы үчүн өч алуу экенин билдирген.

Тель-Авив Тегеранга жооп чара көрүлөрүн эскерткен. Ирандын баш калаасындагы имам Хомейни Гранд Мосалланын мечитинде жума намаздан кийин Хаменеи баян окуй турганы күтүлүүдө. Анда ал Тегерандын мындан кийинки кадамдары жөнүндө айтышы мүмкүн.

Хаменеи беш жылдан бери коомдук кайрылуу жасай элек. Соңку ирет жума намаздын башында 2020-жылдын январь айында турган. Анын алдында Иран Ирактагы америкалык базага ракеталык чабуул жасаган. Муну менен Тегеран Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун лидери Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алып жатканын билдирген.

Ал арада Израил Ирандын 1-октябрдагы чабуулуна кандай жооп кайтарууну ойлонуп, АКШ менен кеңешүүнүн үстүндө.

АКШ президенти Жо Байден Израилдин Ирандын мунай жайларына сокку урулары тууралуу эскертүүсүн талкуулап жатышканын 3-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Бүгүн эч нерсе болбойт", - деди Байден. Расмий Тегеран эгер Израил жооп чара көрсө, дагы масштабдуу сокку урарын эскерткен.

Батыш Жээкке урулган сокку

Ал арада Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги оккупация кылган Батыш жээктеги Тулькарм качкындар лагерине 3-октябрда жасалган ЦАХАЛдын аба соккусунан кеминде 18 палестиндин өмүрү кыйылганын билдирди.

Ал эми израил армиясы өз билдирүүсүндө Тулькармга жасалган аба соккудан ХАМАСтын (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп саналган топ) лидерлеринин бири жок кылынганын маалымдады. ЦАХАЛ Захи Ясер Абд аль-Разек Уфи көптөгөн чабуулдардын артында турган деп эсептейт

Иордан дарыясынын Батыш жээгинде израил армиясы Газа тилкесинде согуш башталганы эле рейддерди өткөрүп келет. Бир жыл ичинде жүздөгөн палестиндердин өмүрү кыйылганы расмий кабарланган. Ошол эле маалда жергиликтүү тургандардын кол салуусунан жөөт аскерлери да набыт болгон учурлар бар.

Газадагы согуштун башталышына ХАМАСтын Израилге кол салышы түрткү болгон. Анда бир күндө жоочулар 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG