Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Төкмө акын Темирбек: Маданият айдыңы, майдаланды бардыгы...


Темирбек Матыбаев.
Темирбек Матыбаев.

Жаш төкмө акын Темирбек Матыбаев жакында эле Эгемендик күнүнө карата өткөрүлгөн эл аралык айтышта баш байгени жеңди. Ал сахнада коомдогу орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп, аялдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктарды токтотууга чакырган. Элмирбек Иманалиевдин шакирти "Азаттыкка" маек курду.

- Темирбек, сизди айтыш өнөрүнө эрте аралашып, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин колунан сабак алган жаш төкмөлөрдүн бири катары билебиз. Айтышка кантип кызыгып калдыңыз?

- Айтышка бала чагымдан кызыктым. Айылда жүргөндө теледен устатым Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев баш болгон акындардын айтыштарын көрүп таасирлендим. Анан ата-энем менин "чымынымды" байкап, борбордогу №5 мектепке киргизишти. Ошентип, 12 жашымда “Айтыш” коомдук фондуна бардым. Илгертен келаткан устат менен шакирттин учурашуу салты бар эмеспи. Мен да устатым Элмирбек Иманалиев менен учурашып ырдап, акындардын мектебине кабыл алынгам.

- Устатыңыз Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн соңку жыллары шакирттерине көп убакыт бөлүп, “Айтыш” фондуна зор эмгек кылганы айтылып жүрөт. Анын акын катары дараметин, көп кырдуу өнөрүн эл жакшы билет. Силерге устат катары кандай өрнөк берди, эмнеге каныктырды?

- “Акындык өнөр өйдө эмес, адамгерчилик болмоюн” деп атактуу төкмө Эстебес Турсуналиев атабыз айткандай, устатыбыз: “Эң алгач адам болгула, мен силерди алгач акындыкка эмес, адамдыкка үйрөтөм. Жакшы адам жакшы акын боло алат”, - деп айтчу. Өнөр жолунда акын кандай болуш керек, акындыктын максаты, аткаруучу миссиясы эмне - ошону үйрөттү. “Силер мен кылганды кайталабагыла, мен азыр кырк жашта болсом, демек силер мындан аркы жолуңарды менин кырктагымдан кийинкидей баштагыла”, - деп айтчу. Өзүнүн да ырларында “Шакирттер менен шаар куруп жаткан өңдөнөм”, “Тапканың эмне десеңер, тартынбай силер дей алам” деген саптары бар. Азыр устатыбыз үйрөткөн көп нерсени эми мындан ары татыктуу аркаласак экен деген аракетте жүрөбүз.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана шакирти Темирбек Матыбаев.
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана шакирти Темирбек Матыбаев.

- Элмирбек акын өзү да өнөр дүйнөсүндө эрте таанылып, бир топ ийгиликтерге эрте жетти. Тилекке каршы, өмүрдөн да эрте өтүп кетти. Бирок артында эмгеги менен катар силердей шакирттерди калтырды. Баарыңарда устатыңар сыяктуу эле талант болуу ниети турса керек?

- Албетте, ар бир адамдын жеке чыгармачылыгы болот. Устатым да ар бирибиз менен жекече иштеп, өстүрүп, ар бир акындын артыкчылыгын тапчу. Маселен, шакирттеринин ичинен "айтыштын ак жылдызы" аталган Изат Айдаркулова, Болот Назаров, Акматбек Султан уулунун жеке концерттерин өткөрүп, жол көрсөттү, элге таанытты. Азыр да төкмө акындар өтө көп. Ошолордун баары өз жолун табышы керек. Бул үчүн алдыда талбаган аракеттер керек.

- “Айтыш” коомдук фонду жаңыдан түзүлгөн кезде андагы акындарга Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев баш болгон атактуу акындар устаттык кылган экен. Бүгүнкү күндө фонддо кимдерден таалим алып жатасыңар? Силердин катарга келип жаткан жаңы муундагы төкмөлөрү тууралуу да айтып берсеңиз. Дүбүртү башкача, бирок эл биле элек жаңы ысымдар барбы?

- “Айтыш” коомдук фонду түзүлгөндөн бери он күндүк сабак уланып келе жатат. Ар бир айдын башында, ортосунда, анан аягында чогулуп алып сабак өтөбүз. Устатым көзү тирүүсүндө өзү башында туруп, бизди окутуп келсе, азыр жаш төкмөлөргө Амантай Кутманалиев, Шекербек Адылов агаларыбыз, алардан кийинки муундан Асылбек Маратов агабыз устат болууда. Азыр жаштардан Жибек Сапар кызы, Бекзат Туралиев, Рысбек Көлбаев деген келечектен көптү үмүттөндүргөн акындар өсүп келе жатат. Мындан сырткары экинчи класста окуган Нурак деген инибиз бар. Жаш болсо да ой-чабыты кенен бала. Өткөндө он күндүк сабакта ал “Мен оюнчукту ойноймун, бирок акындын оюн ойлоймун” деп төгүп жатат. Баяман деген мыкты инибиз да бар, төгөт, манас айтат. Баягы кыргызда тамаша иретинде айтылгандай, артыбыз тынч эмес, биз ушуга сүйүнөбүз.

- Төкмө акындарга ар дайым караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан тапкычтык, зээндүүлүк керек дейбиз. Дегеле азыркы акындар кантип изденет? Сиз кайсы бир айтышта “Айтышты тамашоу кылып албайлы” дегендей ырдадыңыз эле. Өзүңүздүн өнөрлөштөрдүн дараметине кандай баа бересиз?

- Албетте, бардык акындардын талантын сыйлап, өнөрүн баалайм. Бирок жеке өзүм төкмө акындар, куудулдар белден ылдый түшпөсө деп тилейм. Анткени кээде чынында эле белден ылдый түшкөн айтыштар болуп калууда. Акындыктын максаты бөлөк. Биз эл алдына чыккан соң ошол элди ойлондурган, жүрөгүн козгогон нерселерди акылына сала алышыбыз керек. Устатымдан “кайсы акын күчтүү” деп сураганыбызда ал “кайсыл акындын сөзү элге кызмат кылып жатса, ошол акын күчтүү” деп жооп берген жайы бар. Жакында эле эл аралык айтыш болгондо социалдык тармактарда эл акындарды сындап, "өсүш жок болуп жатат" деген кептерди жазышты. Бул сын жөндүү деп ойлойм. Сын адамды камчылап турушу керек. Ал эми изденүүлөр боюнча айтсам, китептерди окуйбуз, буга чейин коомдо эмнелер талкууланып жатат, кандай маселелерди айтсам болот деп изденебиз. Менимче, чынында эле кийинки жаш акындарда жакшы өсүш болбой жатат. Бул өзүбүздүн жакшы изденбегенибизден, жалкоолугубуздан деп ойлойм. Өсөбүз десек, изденүүнү токтотпой, билим ала бериш керек. Төкмө акын бардык нерсеге даяр жүрүшү шарт, өзүнүн пикири болуп, принциптен тайбашы керек.

- Жакында эле Эгемендик күнүнө карата уюштурулган эл аралык айтышта баш байгени алдыңыз. Бул биринчи зор ийгилик экен. Дал ушул айтышта коомдогу бир топ көйгөйлөрдү, алардын катарында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту ырдабадыңызбы. Дегеле соңку күндөрү үрөй учурган зомбулуктар көп катталып жатат. Акын катары кандай чакырык кылар элеңиз?

- Албетте, кыргызда аялзатынын орду жогору, даңкы бийик. Илгери кыргыздын эр-азаматтары хан ордодо отурганда да сырттан айым кирип келсе, кырк жашка чейинки эркектер ордунан тура калчу экен. Бул дагы аялзатына болгон урмат-сыйдын жогору болгонунан кабар берет. Азыркы кезде эркек менен аялдын укугун теңейбиз, ордун теңейбиз деп жатышпайбы. Мен үчүн аялдын орду эркектен жогору. Анткени аял – эне, аял – жар. Азыр коомдо болуп жаткан түрдүү үй-бүлөлүк зомбулуктарды көрүп-угуп жатабыз, аялдар көп эле кордолуп жатат. Ар бир эркек бирөөнүн кызынын көзүн жалдыратып алгандан кийин ошол аманатты сактаса. Бирөөнүн кызын кордоордон мурун өзүнүн да энесин, эже-карындашын эстесе. Аялзаты бар үчүн жашоо уланып келе жатат да. Ошондуктан зомбулуктан алыс болсок, акындар да бул көйгөйдү чечүүгө элди үндөсөк, ушуларды ырдасак деп айтар элем.

Темирбек Матыбаев.
Темирбек Матыбаев.

- Айтыш бул төкмө акындар үчүн ички толгонууларын, эл тагдырын, коом көйгөйүн айта турган негизги трибуна десек болчудай. Сиз азыр айтышта дилиңиздегини эркин айта аласызбы?

- “Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” дегендей, акты ак, караны кара деп, акыйкатты тайманбай айтышыбыз керек. Мен жеке өзүм азыр айткым келген нерсени сахнага чыгып эркин айта алам, эч ким чыгып чектей албайт. Анткени “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген кеп бар. Айтыштарда коом көйгөйлөрүн, бийликтин жакшы жагын да, кемчиликтерин да айтып эле келе жатабыз. Токтогул атабыздын жолун дагы да улантканга аракет кылабыз. Жакында эле өткөн айтышта үй-бүлөлүк зомбулук, эненин орду, тил көйгөйлөрү айтылды. Жыл сайын январь айында устатыбыздын туулган күнүнө карата эскерүү кечесин өткөрүп жүрөбүз. Быйылкысында, маселен, "Камакта күнөөсүз жаткандарга эркиндик берилсин" деген кептер айтылды. Мен өзүм деле “Ар кайсы элден карызды алып эле келебиз, аны качан беребиз” деп ырдагам. Анан ар бир акындын өзүнүн ойлору, принциптери бар. Дареметибиз жетишинче ушул коом көйгөйлөрүн айтсак жакшы болот эле.

- Сизди азыр коомдо дагы кайсы маселелер көбүрөөк ойлонтот?

- Азыр биздин коомдо маданияттын орду төмөндөп бараткандай туюлат. Мен дагы бир айтышта:

"Маданият айдыңы

Майдаланды бардыгы.

Намысы бийик эрендер

Наркынан чындап тайдыбы,

Нан деп жашап калдыбы,

Же наам деп жашап калдыбы?", - деп ырдадым эле. Анын сыңарындай, азыр ашмалтайы чыккан коомго айлангандайбыз. Арстанбек атабыз бир санатында кыргыз коому тууралуу: “Бир кезде абалкы кыргыз башка эле, кыздары кымкап кийчү эле, кылыгы журтка тийчү эле. Балдары бараң атчу эле, баракатта жатчу эле”, - деп айтып атпайбы. Азыр элибиздин наркын-салтын унутуп баратканы, жаштарыбыздын бөлөк-бөтөн элдин маданиятына сугарылып жатканы мени көп ойлондурат. Анткени тилин унуткандар арбыды. Тили жок өлкө туруксуз. Эң алгач тил, маданиятыбызды сактасак, улутубуздун уңгусун сактоого жардам берген болор элек.

- Мындан үч жыл мурун улуттук макамдагы “Манас” театры түзүлгөн эле. Алгач анда кызматкер катары жалпы төкмө акындар, манасчылар мүчө болгон. Кийин эле Элмирбек Иманалиевдин шакирттеринен Асылбек Маратов, Мундузбек Усупбек уулу баш болгон беш-алты төкмө акын чыгып кеткени айтылды. Алардын катарында сиз да бар экенсиз. Буга эмне себеп болду эле?

- Үч-төрт жыл мурун 17-январь устатыбыздын эскерүү концерти өткөндөн кийин акындарды камкордукка алабыз деген сөздөр болгон. Анан акындарды филармонияга же каякка кошобуз деген кептер болгондо “Манас” театры түзүлгөн кез эле, ушул жакка кошулса туура болорун айтып пикирлешкенбиз. Театр ачылганда да жардам берип жүрдүк. Анан ал жерде биз тогуз ай иштедик. Тогуз айдан кийин театрдын директору арызыңарды жазып берип жумуштан чыккыла деди, биз арыз жазып чыгып кеттик. Мундузбек Усупбек уулу менен Медер Курманалиевдерди берене менен чыгарышыптыр.

- Ал эмне болгон берене?

- Бул жумушка келбейт деген берене болсо керек. А негизи алгач эскертүү берип, аны аткарбаса сөгүш жарыялап, анан гана берене менен чыгарылышы керек эле да.

- Биз акындарды акыйкаттын жарчысы деп келебиз да, азыр мамлекеттин камкордугу тууралуу сөз болбодубу. Сиз акын катары айтсаңыз, төкмөлөр мамлекеттин камкордугуна алынганда кандайдыр бир чектөөлөргө кабылып калбайт бекен?

- Акындар негизи эркин болгону жакшы деген ойдомун. Албетте, мамлекет деле камкордукка алып көңүл бөлгөнү жакшы көрүнүш. Бирок сен муну айт, тигини айт деген чектөө болбошу керек. Жеке мага мындай чектөөлөр болгон эмес. Бизге мындай буйруктар болгон күндө деле аткарбайбыз.

- Демек, бүгүнкү күндө тиричиликке жеткидей каражатты той-топурдан табасыздар?

- Ооба, акын болгондон кийин айтыштан сырткары ашка-тойлорго барат экенбиз. Элден айланса болот. Анткени чоңдорду деле, акындарды деле, башка адамдарды деле эл багып атат. Элибиз аман болсун, эл жок болсо кимге ырдамак элек? Бизди ким таанымак эле да, ким бааламак эле?

Темирбек Матыбаевдин колуна тийген Токтогул Сатылгановдун комузу.
Темирбек Матыбаевдин колуна тийген Токтогул Сатылгановдун комузу.

- Эл ичинде акындар мектебинин улуу устаты Токтогул Сатылгановдун жыйырмага чукул комузу сакталып калганы айтылып жүрөт. Сиздин да колуңузга анын бир комузу тийген экен. Ушул комуз менен мына кечээ жакында эле эл аралык айтыштын финалында ырдадыңыз. Бул табериктин тарыхынан айтып берсеңиз.

- Бул комуз Кетмен-Төбөдөгү менин кичи мекеним Өзгөрүш айылынан табылды. Ошол айылда Чоробай деген айылдаш аксакал бар. Ал акын Калчоро Көкүловдун агасы, депутат Эрулан Көкүловдун чоң атасы. Ошол аксакал бизди чакырып, атам экөөбүз үйүнө бардык. Анан ал “Ушул комузду сактап жүрдүм эле, сага берейин, жасатып алып чертип жүр, мени да айта жүр” деп берди.

Тарыхына токтолсом, 1900-жылдары Эшмамбет атабыз Таластан Кетмен-Төбөгө качып келип, Борбубай деген аксакалдын үйүндө жүргөн экен. Ошол жылдары Токтогул атабыз Эшмамбетке келип, экөө ырдап жүргөн учурда Борбубай аксакал Токтогулга ат мингизген экен. Тоо булбулу ага жооп кылып комузун белек кылып таштап кеткен экен. Комуз кийин Борбубайдын уулу Көкүмбайдын колуна тийиптир. Ал да комузда кол ойнотуп, ырдап жүргөн таланттуу киши болгон дешет. Анан кийин комуз Көкүмбайдын колунан Чоробай аксакалга тийиптир. Анан эми минтип мага келип олтурат. Токтогул атабыздын комузу - биз үчүн ыйык, баалуу мурас. Эми минтип чоң айтыштарга алып чыгып черте баштадым.

- Маегиңизге ыраазычылык билдирем!

Матыбаев Темирбек Казыбекович 2003-жылы 28-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.
2016-жылы Республикалык “Айтыш” коомдук фондуна келип, эл артисти Элмирбек Иманалиевден сабак алган.
2018-жылы профессор А.Молдокулов атындагы кыргыз улуттук компьютердик гимназиясын аяктаган.
2022-жылы Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын элдик ырдоо бөлүмүн бүтүргөн.
Учурда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында элдик ырдоо бөлүмүндө 3-курстун студенти.

Республикалык “Айтыш” коомдук фонду төкмө акындар мектебинин мүчөсү.

2017-жылы Ашыралы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган Республикалык “Жаш таңдай” төкмө акындардын айтышында 2-орунга,
2021-жылы Казакстан Республикасынын “Көкчө-Тоо” жергесинде өткөн Эл аралык айтышта 1 орунга,
2022-жылы Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган казак кыргыз Эл аралык айтышында 1-орунга,
2023-жылы Тогуз-Торо жергесинде өткөн Республикалык төкмө акындардын айтышында 3-орунга татыган.
2024-жылы XVII Эл аралык казак кыргыз айтышында Баш байгени багындырды.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG