Кыргызстанда АКШ доллары менен орус рублинин сомго карата куну кыйла түшүп кетти.
Алмашуу жайларында доллардын сатып алуу курсу 85 сом 5 тыйын болсо, сатууда 85 сом 84 тыйын. Улуттук банк курсту 85 сом 31 тыйын деп белгилеген. Ал эми рубль 95-98 тыйын, Улуттук банктын курсу боюнча 96 тыйынга бааланууда.
Март айынан бери акырындан түшүп келаткан валюта курсу, июнь айынын ортосунан тарта кескин ылдамдык менен арзандоодо. АКШ долларынын курсу соңку төрт айда 4,5 сомго арзандады.
Акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскулов валюта курсунун кескин төмөндөп баратышын Орусияга салынган санкциялардын жыйынтыгы катары сыпаттайт.
“Эки айдын аралыгында эки күндүн биринде орто эсеп менен 15 тыйынга түшүп жатат. Февралдан бери 4 сом 40 тыйынга түштү. Мисалы, февраль айынын башында доллар 90 сом болсо, азыр курс 85,5 сом болуп калды. Биринчиден Орусия менен болгон соода-сатык рублга өткөн, орус менен кытайдын соода-сатык мамилеси рубль менен юанга өткөн. Ал мурдагы жылы эле өткөн, болгону кандайдыр бир экономикаылк процесстер өзүнүн таасирин бир канча убакыттан кийин берерин биз билип калдык. Мисалы, эгер жаңылбасам, 2022-жылы октябрда соода-сатыктын баары рубль-юань, биздики болсо рубль-сом болгон. Рубль-юань болгондуктан, бул кескин түрдө биздин Евразия континентте сөзсүз түрдө түшө турган белгилер бар болчу. Бирок аны “мына түшөт, ана түшөт” деп жүргөнбүз, көрсө мына арадан 1,5 жыл өткөндөн кийин өзүнүн таасирин берип баштаарын байкадык”.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2024-жылдын башынан бери жалпысынан 14 валюталык интервенция жүргүзүп, рынокко 38,5 млн долларды саткан жана 299,25 млн долларды сатып алган.
Улуттук банктын маалымат кызматы интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө үчүн жасалып жатканын билдирди.
“Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курс саясатын жүргүзгөндүктөн, валюталык рынокто түзүлгөн кырдаалга жараша улуттук валютанын кескин серпилүүсүн жөнгө салуу максатында валюталык интервенцияларды өткөрүп турат. Мисалы, алмашуу курсу кескин төмөндөп бараткан учурда Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюталык интервенция өткөрүлөт, ал эми тескерисинче алмашуу курсу өтө жогорулап баратса, чет өлкө валютасын сатуу боюнча операцияны жүргүзөт”.
Эксперттик чөйрөдө Улуттук банктын валюта рыногундагы процесстерге ашкере кийлигишүүсү экономиканын тармактарына көбүнчө тескери таасир кыларын айтып келишет. Андан көрө бизнести арзан жана жеткиликтүү насыялар менен камсыздаса, инфляция төмөн болуп, экономика алдыга озмок, натыйжада элдин жашоо-турмушу жеңилдемек деген пикирлер бар.
Финансы маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев Кыргызстандын экономикасынын модели жаңылыш жолдо өнүгүп келатканын айтат. Ал Улуттук банк акча массасын көзөмөлдөө укугу менен экономикалык процесстерди башкарып туруу кудуретине ээ экенин белгилейт. Эксперт Улуттук банк экономиканы арзан акча менен каржылоого караганда улуттук валютанын туруктуулугун кармап турууга негизги күчүн жумшап келатканын туура эмес деп эсептейт.
“Биздин тышкы соодабыз, импорт менен экспортубуз кошулганда, айрым учурда биздин ички дүң продукциянын 60-70%ын түзөт. Бул деген биз тышкы факторлордон кобүрөөк көз каранды экенибизди билдирет. Ошондуктан, биздин улуттук валютанын курсунун туруктуулугу Улуттук банк үчүн биринчи орунда турат. Анткен себеби, тышкы фактор бизде күчтүү болот. Бизде акыркы 20-30 жылда улуттук валютанын кунун гана кармап туруу приоритети биринчи орунга коюлган. Ооба, бизде туруктуулук бар, акчанын массасы ар дайым азыраак болуп, көзөмөлдө турат. Моделибиз туура эмес болгондуктан, башка арга жок. Улуттук банк экономиканы садага чабуу менен, ушундай модель менен келатат”.
АКШ долларынын курсу 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан кийин кескин серпилүүнү көрсөткөн. Кыска убакыттын ичинде Улуттук банк бекиткен расмий курс 105 сомго чейин чыкса, алмашуу жайларындагы эркин курс 110 сомдон ашкан. 2024-жылдын март айына чейин 85 сомдон 89,5 сомго чейинки аралыкта кармалып турду. Валюта рыногундагы мындай туруксуздуктан улам Кыргызстанда алгачкы жолу акча алмаштыруунун көмүскө рыногу пайда болгон. Көбүнчө Телеграм каналдарда иш алып барган көмүскө рынокто валюталар расмий курстан бир кыйла кымбат сатылат.