Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Руслан Мукамбетов коргоо министринин милдетин аткарат


Руслан Мукамбетов
Руслан Мукамбетов

15-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Мукамбетов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми Мукамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

54 жаштагы Мукамбетов буга чейин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси болуп турган. Ал Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын командири да болгон.

Мурдагы Коргоо министри Бактыбек Бекболотов ушул эле күнкү президенттин буйругу менен кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

15-майда президент Садыр Жапаров Марат Иманкуловду коопсуздук кеңешинин катчысынан бошотуп, мамлекеттик катчы кылып дайындаган. Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG