Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өз арызы менен мандатын тапшырды. Украина орус армиясынын катарында согушуп, туткунга түшкөн кыргызстандыкты Орусияга өткөрүп берди. АКШ президенттигине кайрадан аттанган Дональд Трамп Украинадагы жана Газадагы согушка чекит коюуга убада берди.
Экономика
жума 19 Июль 2024
Түркмөнстанда экономикалык абал начарлап, социалдык көйгөйлөр курчуп турган маалда Лебап облусунда кан тапшырып акча табууга аргасыз болгондор көбөйгөнү айтылууда.
"Kан тапшырып, киреше табышат"
"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы медицина кызматкерлерине шилтеме берип, кан тапшыргандар көбөйгөнүн кабарлады. Алардын дээрлик көпчүлүгү жумушсуз жаштар экени айтылууда.
"Чөнтөгү жука лебаптыктар Түркмөнабаддагы кан тапшыруу борборуна келип, кан тапшырып накталай акча, кант же башка керектүү азык-түлүктөрдү алып жатышат. Соңку айларда алардын саны көбөйдү", - деди абал менен тааныш жооптуу кызматкер.
Айрым түркмөн медиктердин айтымында, кирешенин бул түрү менен алектенгендер негизинен жакыр райондордун тургундары.
"Кан берген жарандардын саны абдан көбөйүүдө, алардын дээрлик көпчүлүгү жумушсуз. Мага караштуу аймактагылардын көбү эски дачаларда жашашат. Алар кайыр сурап, таштанды, желим бөтөлкө чогултушат. Ошондой эле ай сайын кан борборуна барып кан тапшырып, киреше табышат" , - деди Дерячылар районундагы ден соолукту чыңдоо борборунун үй-бүлөлүк дарыгери.
Анын айтымында, көбүнчө бир үй-бүлөдөн эки-үч адам кан тапшырат. Мындан түшкөн киреше ал үй-бүлөнү бир ай багууга жетпесе да, бир нече жума тамак-аш менен камсыз кылат.
"Негизинен 3 жана 4-топтогу кан жетишсиз. Менин районумда каны 4-топ болгон үч үй-бүлө бар. Алар идеалдуу донорлор болуп эсептелет. Жарандардан эң көп дегенде 500 миллилитр кан алынат", - деди Химиклер районундагы 1-шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери.
"Азаттыктын" аймактын тиешелүү органдарынан, анын ичинде саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок. Бирок кабарчылар лебаптык донорлор канча акы алганын такташууда.
2020-жылы да "Азаттыктын" түркмөн редакциясы Түркмөнабаддагы облустук оорукананын кан алуу пунктуна жана Фарап райондук ооруканасына агылып келген донорлор тууралуу жазган.
"Мен үч жолу кан тапшырдым. Бул акчага үй-бүлөмө керектүү азык-түлүк сатып алдым", - деген өзүн Эркин деп тааныштырган Фарап районунун тургуну.
Ал бир жыл ичинде бир канча жолу кан тапшырып, 3000 манат (857 доллар тегерегинде) киреше тапканын билдирген. Фараптык жигит ошондой эле канын сатууну каалагандардын көптүгүнө байланыштуу кезек күтүүлөр, чыр-чатактар жаралып жатканын кошумчалаган.
Эттин, жумуртканын баасы асман чапчыды
Ал тапта Балкан велаятынын Түркмөнбашы шаарында уй эти менен тооктун жумурткасынын баасы эки эсе кымбаттаганы кабарланды. Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан негизги азык-түлүктүн кымбатташынын себебин бийлик түшүндүргөн жок.
"30 даана жумуртка 31 манаттан 52-67 манатка (15-19 доллар тегерегинде) чейин чыгып кетти. 1 килограммы 55-60 манаттан турган уйдун эти 75 манатка (21 доллар) чейин кымбаттады. Башкача айтканда, жумуртка 100 пайызга, эт дээрлик 50 пайызга кымбаттады", - дейт аймактагы кабарчы.
Түркмөнстандык соодагерлер баанын кескин кымбатташын, базар акысынын жогорулашы жана транспорттук чыгымдар менен түшүндүрүүдө.
"Эгер мамлекет эттин баасын көзөмөлгө алгысы келсе, касапчыларды арзан баада кой, уй менен камсыз кылсын. Бийлик бааларды көзөмөлдөөнү гана каалайт. Дыйканчылык жана мал чарба саясатында туура эмес эсептөөлөрдөн улам келип чыккан көйгөйлөрдү ишкерлердин жана элдин эсебинен чечүү мүмкүн эмес", - дейт эт сатуучу.
Жергиликтүү бийлик органдары баалардын кымбатташы тууралуу эч кандай билдирүү жасашкан жок. Белгилей кетсек, өткөн айда Ашхабадда жана облус борборлорундагы базарларда жана мамлекеттик дүкөндөрдө арзан жумурткалар сатыкка чыккан. Соодагерлер муну жумурткалардын жарактуулук мөөнөтү аяктагандыктан баасы бир нече эсе арзан болгонун айтышкан.
Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн катарына кирген Түркмөнстанда мамлекеттик дүкөн түшүнүгү бар. Соңку жылдары Түркмөнстанда пахта майы ун, нан жана кант сыяктуу өкмөт аныктаган субсидиялык баа менен сатылуучу азык-түлүк товарларынын тизмесине киргизилген. Ошондуктан чектөө менен сатылат. Дал ошол мамлекеттик дүкөндө бул азыктарды сатып алууну каалагандар апталап, кээ бир айылдарда айлап кезек күткөн учурлар болгон.
Түркмөнстанда дээрлик жети жылдан бери экономикалык таңкыстык байкалууда. Талдоочулардын айтымында, соңку жылдары Түркмөнстанда социалдык көйгөйлөр да курчуду. Жумушсуздуктун деңгээли жогорулап, азык-түлүк кымбаттады. Мындай шартта тилемчилик кылгандар, таштанды арасынан тамак-аш издегендер көбөйдү.
Жети миллион калкы бар Түркмөнстандын мыйзамдары жарандардын укугун коргоого жана жумушсуздарга кенемте берүүгө кепилдик берет. Бирок түркмөндөрдүн көбү мындай кенемтени өмүрү көрбөгөнүн айтып келишет.
Расмий Ашхабад өлкөдөгү жумушсуздуктун чыныгы деңгээлин көрсөткөн конкреттүү статистиканы ачыкка чыгарбайт. Жаратылыш ресурстарынан киреше алуучу Түркмөнстан бийлиги калкынын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашаарын да мойнуна албай келет.