Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Украина Орусиянын камактагы активдеринин эсебинен 969 млн доллар алганы кабарланды


Украина Улуу Британиядан Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн каражаттын эсебинен алгачкы 752 млн фунт же 969 млн доллар каражат алды. Бул тууралуу Украинанын премьер-министр Денис Шмыгал билдирди.

Анын айтымында, каражат өлкөнүн коргонуусун бекемдөөгө жумшалат.

“Орусиянын акчасын Украинага жумшоо механизми үчүн Улуу Британиянын өкмөтүнө жана биздин “Чоң жетидеги” өнөктөштөрүбүзгө рахмат. Келечекте Орусиянын суверендүү активдеринин бардыгы конфискацияланып, биздин өлкөнүн пайдасына берилет деп үмүттөнөбүз”, - деген ал.

Лондон бөлгөн каражат Украина үчүн жардамды тездетүү (ERA) программасынын бир бөлүгү болуп саналат, ага ылайык G7 өлкөлөрү Украинага Орусиянын Борбордук банкынын Батышта камакка алынган активдеринен түшкөн пайданын эсебинен жалпысынан 50 миллиард доллар насыя берет.

2-мартта Улуу Британия менен Украина 2,74 миллиард евродой насыя берүү келишимине кол койгон. Каражат 30 жылга берилет. Ал коргонуу материалдарын сатып алууга жумшалат жана камакка алынган орусиялык активдердин кирешесинин эсебинен төлөнөт.

Жакында Улуу Британия, Франция жана Германия Евробиримдикте камактагы орус активдерин конфискациялоо ыктымалдыгын эгер Орусия менен ок атышууну токтотуу келишими түзүлүп калса Украинанын коопсуздугунун кепилдиктеринин бири катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Бул тууралуу британиялык Financial Times гезити өз булактарына шилтеме кылып жазган.

Шерине

XS
SM
MD
LG